Menu

Канатбек Исаев, Өкмөттүн “аферасын” ачыкка чыгарды “баракелде”…

Бөлүшүү:

 

Буга чейин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди маалымат каражаттары ар кандай ур-тепкиге алып келгени белгилүү. Бирок, өткөн аптада Канатбек Исаев башкы демилгечи болгон эл өкүлдөрүнөн куралган комиссия жол куруу жаатында афералык иштерди ачыктады. Атап айтканда, Балыкчы- Корумду унаа жолундагы алешемдиктер коомчулуктун оозун ачырууда.

Жол оңдоо боюнча 2015-жылдын октябрь айында тендер өтүп, анда одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Октябрь айында өткөрүлгөн убакта тендерди юстиция органынан каттоодон өтпөгөн фирма утуп, ка­чан гана тендерди утуп алган сон, ноябрь айында гана атайын органдардан каттоодон өтүп, декабрь айында гана жол курууга 3-даражадагы лицензия алган. Аныгында, мындай жолду курууга 2-даражадан кем эмес ли­цензия керек эле. Ал эми 3-даражадагы лицензия жолдун тешиктерин жамап-жасоого гана берилет экен. Кызыгы, аталган жолду тийиштүү лицензиясы жок Кытай фирмасы куруп келе жаткандыгы чатак болууда. Мына ушул мүчүлүштүктөрдү парламент залынан айтып чыкты Исаев мырза.

Ошол эле маалда өзүбүздүн ата-мекендик фирмалар 1 миллиард 200 миллион сомго арзан жол куруу сунуш кылганына карабастан, Кытайдын фирмасы утту деген тендердик комиссиянын жыйынтыгы мандемдуу болууда. Мына ушул алешемдиктерди бетин ачкан Канатбек Исаевди “баракелде” дебеске аргабыз жок. Эл өүлүнүн бул демилгеси колдоого татырлык, болбосо тендер жаагы качанган бери эле боткого чыланып жатат. Айтмакчы, өткөн аптада жыйынтыкталган жергиликтүү кеңештерге, 6 шаарга жана бир нече айылдарга болгон шайлоодо “Кыргызстан” партиясы 2-3 орундардагы алдыңкы позицияны ээлегендиги да бекеринен эместир. Айрыкча, Ош шаарында 2-орунга чыгып, партия бир топ бедел күтүүгө жетишти. Ким эмне дебесин, бирок бул жагынан алганда да, Канатбек Исаевдин жетектеген партиянын иши ийгиликтуу болуп бараткансыйт.

Булак: “Майдан. кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: