Menu

Соцфондго соболуңуз барбы?

Бөлүшүү:

Бизге кайрылгыла, билип беребиз

Урматтуу окурмандар! Жаш курагы келгендерге пенсия чектөө, чектелген пенсиянын көлөмүнүн төмөнкү жашоо чегин камсыз кылышы – бул мамлекеттин социалдык саясатынын негизги багыты болуп эсептелет. Ошол эле учурда пенсия курагына жашы келген айрым жарандарыбыз пенсияга чыгуу үчүн кандай документтерди топтоо керектигин, кайда кайрылууну биле беришпейт. Ушуга байланыштуу “Жаңы Агым” газетасы мындан ары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылып, жарандарыбыздын суроолоруна так-таасын жооп алып бермекчи. Сурооңуздар болсо төмөнкү телефонго чалып же кат аркылуу байланышсаңыздар болот. Биздин дарек: тел; 29 88 42  же болбосо Бишкек шаары, инд.720021, Үсөнбаев көчөсү, 2 дарегине кат менен кайрылыңыздар. Төмөндө айрым окурмандарыбыздын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жообун жарыяладык.                                                                        

— Кыргызстанда пенсияга канча жашында чыга алышат жана жаш курагы келгендер кандай документтерди топтошу керек?

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык эркектер 63 жаш курагында, ал эми аялдар 58 жаш курагында пенсияга чыгууга укуктуу.

Пенсия чектөө үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Паспортунун көчүрмөсү;
  2. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, эгерде эмгек китепче жоголуп кеткен болсо, анда эмгек стажын тастыктоочу архивдик маалымат;
  3. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайда окугандыгы тууралуу дипломдун көчүрмөсү (күндүзгү формадагы);
  4. 1996-жылдын 1-январына чейинки пенсионер каалаган катары менен 5 жылдык эмгек акы тууралуу маалымат;
  5. 1996-жылдын 1-январынан тартып пенсия чыкканга чейинки мезгилге эмгек акы тууралуу жылдык маалымат (иш берүүчү мекеме тарабынан берилет);
  6. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, нике тууралуу күбөлүк (аялдарга);
  7. 3х4 үлгүдөгү сүрөт 2 даана;
  8. Аскер билетинин көчүрмөсү.

— Пенсияга чыгууда бийик тоолуу аймактарда кандай жеңилдиктерден пайдалана алышат?

 соц фонд— Мыйзамда бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, барууга кыйын калктуу конуштарда жашаган жана иштеген адамдарга жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча пенсияга чыгуу укугун берген ченемдер каралган.

Мыйзамга ылайык бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдарга курагы боюнча пенсия белгиленет:

— 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жалпы камсыздандыруу иш стажы тийиштүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо;

— үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдарга — 45 жашка толгондо жана алардын 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 15 календардык жыл иштесе.

Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга курагы боюнча пенсия — 60 жашка толгон эркектерге, 55 жашка толгон аялдарга, эгерде алар алыскы жана барууга кыйын аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе.

Жеңилдетилген пенсия менен камсыз кылууга чыгымдарды каржылоо булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.

— Керектүү документтер топтолгондон кийин канча убакытта пенсия чектелет?

 — Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык пенсия дайындоо үчүн документтер толугу менен  тапшырылган болсо, 15 күн аралыгында дайындалат, ал эми тапшырылган документтер боюнча текшерүү же болбосо кошумча тастыктоочу маалым каттар талап кылынган болсо, анда үч айга чейинки мөөнөттүн ичинде пенсия дайындалат.

— Турмуштун ар кандай кырдаалында эмгек стажысы жок калган жарандарыбыз да бар. Алар кандай шарттарда, кандай өлчөмдө пенсияга чыга алышат?

— Стажысы жок жарандар пенсия ала алышпайт, андай жарандарыбыз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан курагы боюнча жөлөк пул ала алышат.

— Кыргызстанда пенсиянын көлөмү төмөнкү жашоо чегин камсыздай алабы?

соц фонд— Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун негизги милдети  — Пенсиялык фонддун жана республикалык бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, пенсия менен камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизги маселелери – пенсиянын өлчөмүн пенсионердин жашоо минимумуна (ПЖМ) чейин жеткирүү, ошондой эле пенсия алуучулардын арасында жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү.

Акыркы жылдары пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү боюнча чаралар ырааттуу көрүлүп жатат. ПЖМдан төмөн пенсия алгандардын деңгээлин азайтуу тенденциясы колдоого алынууда. 2015-ж. жыйынтыгы боюнча пенсионердин жашоо минимуму 4637,23 сомду түздү, ал эми орто пенсиянын өлчөмү ага салыштырмалуу  103,3 % түздү.

Бюджетте жыл сайын инфляциянын денгээлинен төмөн эмес өлчөмдө пенсияларды жогорулатууга каражаттар каралууда.

2016-жылга Социалдык фонддун бюджетинде дагы пенсияны жогорулатууга 850 млн.сом каражат каралган. Ошону менен бирге пенсионерлердин бардык категорияларынын кызыкчылыктарын болушунча эске алуу жана социалдык жактан коргоо үчүн жогорулатуу механизминин ар кандай варианттары каралмакчы.

Кыргыз Республикасынын социалдык фонду

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: