Menu

Кайып Шери, Апрелчи: “Мыйзамдан кутулсаң, арбакка тутуласын”

Бөлүшүү:

Патриоттук күчтөрдүн Координациялык кеңешинин чечими менен 30-мартка белгиленген митинг, 20-апрелге жылдырылды. Себеби, ЖК комитети Өкмөткө Унгар-Тоо боюнча маселени тактап, 20-апрелге чейин текшерип, жыйынтыгын билдиргиле деген тапшырмасын берген экен. Эми күтө туралы, 20-апрель деле бат эле келип калат. Бирок, бул маселе туура чечилбесе, бир ок менен эки коен атканга да мүмкүнчүлүк болуп калат. Анткени парламент да бул маселе боюнча өз позициясын билдириши керек. Болбосо парламентти да таркатууга шарт түзүлөт. Элдин көйгөйүн көтөрө албаган парламент кимге керек. Буга чейин парламентте олтурган бир да фракция бул маселе боюнча өз пикирин билдирген жок. Оппозициядагы фракциялар да өзгөчө пикирлерин билдиришпеди.
Бул боюнча, бардык эле саясатчылар өз пикирин айтуудан жалтаңдашты. Себеби, булардын көпчүлүгү Т. Сариев, Т. Сарпашев, А. Шадиев ж. б. бир тобу Каркыра жана Узөңгү-Куушту элдин кой-айына карабай сатып жиберишкен. Мен өз оюмду коомчулукка жеткиреийн деп “7-апрель баатыры” деген наамдан баш тартып, медалымды ыргытып, 3 жылдан бери булардын эски адаттары кармап, дагы жер сатып жиберишпесин деп Атамбаевдин көңүлүн бурдура албай келдим.
Кудая тобо, баары бүтүп, Президенттик, парламенттик шайлоо десе, ичкен аштарын таштап элди карай жарыша чуркаган саясатчыларды да бүгүн сыйпалап таппай калдык. Бирок, жаңы түзүлгөн А.Мадумаров, Ө.Суваналиев, Б.Наргозуевдер баштаган «Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги» кыймылынан даагы эле болсо, үмүт чоң дешет.
Ошол эле учурда 2010-жылкы Ош жана Жалал-Абад коогалаңында элдик баатыр аталган А. Келдибеков, К. Ташиевдер да Ак үйдөн дубалап койгондой дымы жок, дайынсыз жок болуп кеткендиктерине ичи чыкпай калгандар мындан көп болуп жатат. Ө.Бабанов өзүнүн НТСи аркылуу, эл түшүнбөгөн бирдемелерди сүйлөмүш болду. Бирок, Унгар-Тоону айтмак турсун, оппозиция экенин унутуп коюп, өкмөттүк позицияда кулдур-булдур демиш болуп, элди таң калтырды. Текебаев Унгар-Тоонун тагдырын эмес, өз келечегин ойлоп, коалиция бузулуп кетсе, спикер болуп каламбы дегендей, чоңдон үмүттөнүп үн катпады. Түштүктүн белдүү жигитимин деп жүргөн «бирболчу» А. Шадиев, “өнугүүчү” Б.Төрөбаевдер жөнүндө сөз кылып да кереги жок. Булар Т. Сариев, Т. Сарпашев менен бирге Каркыра жана Узөнгү-Куушту сатып, элдин көтөрүлүп, бийликти алмаштырышына, Аксы трагедиясынын, 7-апрелдеги балдардын өлүмүнүн себепкеринен болушкан саясатчылар катары белгилүү. Эмне демекпиз, мыйзамдан кутулсан, арбакка тутуласың.
Кайып Шери, Апрель революциясынын катышуучусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: