Menu

Жогорку Кеӊеш өлкөнү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн берген маалыматын эске алды

Бөлүшүү:

31-мартта өткөн жыйынындагы “КР Өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко чыгаруу боюнча саясаты” темасындагы “өкмөттүк күндө” Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүнкү иш-чара чет өлкөлүк инвестици тартуу, ишкердикти өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо, товар өндүрүү жана аларды тышкы рынокко чыгаруу, ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашыруудагы административдик тоскоолдуктарды жоюу, мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды бузуу жоопкерчилигин жогорулатууга жолтоо болуп жаткан көйгөйлөрдү ачып берүү жаатында көмөкчү болорун белгиледи.

Өкмөт башы бүткүл дүйнөдөгү, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык каатчылык өзгөчөлүктөрүн эске алынуу менен, экономикадагы абалды турукташтыруу жаатында чаралар көрүлүп жатканын билдирди. «Экономикалык каатчылык бизге да терс таасирин тийгизди. Ошого карабастан, бизде өткөн жылы бир аз болсо дагы өсүштү камсыз кылынды. Эӊ башкысы, экономикалык каатчылыктан пайда таап калуу аракетинен аз болсо дагы майнап чыгара алдык», – деди ал.

Премьер-министр 2015-жылы экономиканын номиналдуу өсүшү 103,5 пайызды түзгөнүн, ал эми 2016-жылдын өткөн эки айынын жыйынтыгында бюджеттин кирше бөлүгү толугу менен аткарылганын айтты. Ал ишкердик чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү аракеттери жасалып жатканын, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү өнөр жайына каралган жеӊилдиктер сакталып каларын, сатыктан алынчу салык түрү алынып салынганын, текшерүүлөрдүн саны кыскартылып жатканын билдирди.

Жыйын жүрүшүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүлүп берилгени, инвесторлор үчүн 10 жылдык мөөнөткө турукташтыруу режими киргизилгени белгилүү болду. Андан сырткары, жакынкы аралыкта төмөнкүдөй иш-чаралар пландалууда: ишкерлерди санитардык-эпидемиологиялык текшерүү 1 күнгө чейин кыскартылат; курулуш обьекттерин инженердик түйүндөргө кошуу мөөнөтү кыскартылып, жолжоболор кыйла жөнөкөйлөштүрүлөт; насыяларды алууда мамлекеттик кепилдик фондун түзүлөт.

Талкуу учурунда Өкмөттүн экономикалык каатчылыктан чыгуу аракетин кубаттоо менен бирге, андан чыгуунун алгылыктуу жолдорун иштеп чыгуу, өнөр жайдын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл буруу, айыл чарабасын жеӊилдетилген насыя менен камсыз кылуу чараларын жакшыртуу, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү сындуу бир катар алгылыктуу сунуштар берилди.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан берилген сунуштар эске алынуу менен, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. КР Өкмөтүнө инвестици тартуу, ишкердикти өнүктүрүү, ишкерлердин укугун коргоо, аргандай тоскоолдуктарды жоюу, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жаатындагы иш-аракеттерди жандандыруу боюнча тапшырмалар берилди. Анын аткарылуу жүрүмүнө Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет көзөмөл кылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: