Menu

Аксы: Кылмыш дүйнөсү “кызматка” кириштиби?

Бөлүшүү:

Аксыда саясий митингдерди уюштурган жарандык активист Шекербек Камчыбеков райондун акими менен милиция башчысы ага каршы крим чөйрөнү тукурганын айтып чыкты. Камчыбеков Кербенде “Кабак” деген каймана аты бар адам ага келип, бийликке каршы митингдерди токтотпосоң, аны “жок кылып жиберем” деп коркутуп, опузалаганын белгиледи. Аксынын акими Медетбек Айдаралиев Шекербек Камчыбековдун айтканы чындыкка коошпогон жалган-жалаа катары мүнөздөп, андан бул дооматты сот аркылуу далилдөө талап кылынарын жарыялады.

“КАБАКТЫН” ОПУЗАСЫ

Аксынын борбору Кербен шаарынын тургуну, жарандык активист Шекербек Камчыбеков соңку мезгилде ага жергиликтүү бийликтен жана криминалдык чөйрөдөн “салам дубай” жолдоп, ар түрдүү коркутуулар жүрүп жатканын айтты. Жарандык акти­вист опузалоо анын өмүрүнө коркунуч келтирүүгө байланыштуу акарат сөздөрр менен коштолуп, ага карата “да­гы митинг уюштурсаң, соо калбайсың” деген сыяктуу катуу эскертүүлөр берилгенин айтты. Жарандык активист Шекербек Камчыбеков жергиликтүү бийлик ага жана анын тарапташтарына каршы “караларды” тукуруп жатка­нын белгиледи:

-2008-жылы Кербен шаарында уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары камалып чыккан “Кабак” де­ген каймана аты бар Алмаз деген жигит өзүнүн балдары менен келип, “өлтүрөм-житирем” деп коркутуп- үркүтүп кетти. Анын эмне үчүн саясатка кийлигишип жатканын айтсам, ал мени “элди-жерди бөлүп, тынчтыкты бузуп жатасың, акимге каршы чыгып жатасың, ошон үчүн чабыласың” деди. Негизи алардын өзүнүн түшунүгү боюнча деле “каралар” саясатка кийлигишпеши керек болчу. Бул эми өзүстөлүн сактап калуу үчүн аким ме­нен милиция башчысы мына ошону пайдаланып жатышат. Анан элдин ичинен акыйкатты айтып чыккандарды ушундай жол менен сындыргылары келишет.

Шекербек Камчыбеков азыркы бийлик аларга басым көрсөтүү үчүн криминалды курал катары колдонуу менен мурдагы бийлик режимдеринин тушундагы ашынган ыкмаларды кайталап жатканын кошумчалады.

Медетбек АЙДАРАЛИЕВ: «КАМЧЫБЕКОВ СОТТО ЖООП БЕРЕТ»

Бирок анын мындай дооматын жергиликтүү бийлик элди атайылап козутуу үчүн жасалган жалган жалаа катары баалады. Аксынын акими Медетбек Айдаралиев криминал­ды айдактады дегенди карандай каралоо деп, мындай маалымат үчүн жергиликтүү жетекчилик аны менен соттошууга камынып турганын айтты:

-Эми ошол “Кабак” дегени бул аны кезектеги жомогу. Шекербекти коркута тургандай, ал ким эми? Мунун бардыгы жалган. Милиция башчысын да кошуп жазган экен. Мен аны окудум. Азыр алар аны жалган жалаа жапканы үчүн сотко берет. Аксыда крими­нал жок болгонуна беш жыл болуп калды. Азыр бир дагы криминал, бир дагы “кара” жок. Эми ошол Шекербек деген эки-үч жылдан бери эле элдин арасындагы ынтымакты бузуу үчүн ар кандай маалыматгарды атайын таркатуу менен алек болуп жүрөт.

Шекербек Камчыбеков быйыл 10-февралда Аксынын Кара-Жыгач айылында өкмөттүн төлөмдөрдү көтөрүүсүнө каршы митинг уюштургандардын бири. Анда социалдык фондго төлөмдү төмөндөтүү, электр энергиясынын тарифин түшурүү, мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу, чек ара кейгейлерун чечуу жана балдарга желек пул чектеену женекейлетуу талап кылынган. 14-мартта оппозициянын Жалал-Абаддагы митингине удаалаш ал Кербендеги акцияны уюштурган. Ага каршы жергиликтүү тургундар тарабынан антимитинг дагы болгон эле.

«КАБАК» КАЙМАНА ЭМЕС – ЭРКЕЛЕТКЕН АТ

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момуналы Добулбеков “Кабак” каймана аттуу адамдын уюшкан кылмыш тобуна тиешеси жоктугун айтып, аны бейбаштарды тынчтыкка чакырган карапайым адамдардын эле бири деп мүнөздөдү:

-Ал эми каймана деле ат эмес. Анан эми бизде Алмаз деген бар. Аны эми кыргызда адамды эркелетип, ар кан­дай ат коюп чакырган сыяктуу эле, ошондой ат. Ал эми уюшкан кылмыш тобунун деле мүчөсү эмес. Алмаз деген ал жигит Кербендин кадимки кара­пайым эле жашоочусу. Анан эми элде райондун кызыкчылыгы үчүн күйгөн адамдар бар экен да. Мына ошол Ше­кербек деген улам-улам эле ар кандай митинг уюштура бергенде райондогу жаштар, адамдар “Аксынын эли митингге каршы” деп чыгышкан. Анан эми Шекербек ошого катышкандардын ичинен бирөөн эле жазып жатпайбы. Бул эми бизди жаманатты кылыш үчүн эле болду.

Жергиликтүү активист Камчыбе­ков аны опузалады деген “Кабак” кай­мана ысымдуу адамды таап, анын өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Шекербек Камчыбеков өзбек чек арачылары 18-мартта тилкеге кирип, Аксы-Ала-Бука жолун бөгөп алганда, чек арадагы кырдаалга байланыштуу 22-марттагы Кербендеги оппозициянын жыйынын уюштургандардын катарында болгон. Шекербек Камчы­беков 30-март күнү саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун иши боюнча Жалал-Абадга барып, атайын кызматка сурак берип келгенин айтты. Бул иш боюнча Аксыдагы жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков дагы Бишкекке УКМКга чакыртылып, сурак берип жатканы кабарланды.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: