Menu

Кореяда мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс жарыяланды

Бөлүшүү:

Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн миграциялык амнистия жарыялынды. Ага ылайык, легалсыз мигранттар 1-апрелден 30-сентябрга чейин Кореядан өз эрки менен чыгып кетсе болот, жарандар депортацияга илинбейт, башкача айтканда, алардын Кореяга кайра киришине тыюу салынбайт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги бүгүн маалымат таратты.
Алдыдагы 6 ай ичинде Кореяда мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары мекенине өз эрки менен кайтса, алар гана эмес, иш берүүчүлөрү да эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.
“Жаран өз эрки менен кайтып, Кореянын Бишкектеги элчилигинен виза алса, ал Кореяга эч кандай тоскоолдуксуз эле кайрадан мыйзамдуу жол менен кайта алат”,- деп түшүндүрүштү министрликтен.
КРнын жарандары көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Инчхон эл аралык аэропортундагы Миграциялык кызматтын өкүлчүгүгүнө мекенине алган билетин, паспортун же кайтуу күбөлүгүн алып, өлкөдөн учуп кетүүдөн жок эле дегенде 3 саат мурун кайрылышы шарт.
“Март айынан бери Кореяда легалсыз мигранттарды кармоо боюнча күчөтүлгөн рейддер жүрүүдө. Эгер мыйзамсыз жүргөн мигрант кармалса, анда ал токтоосуз депортацияланып, кийинки 5 жыл ичинде Кореяга кире албайт. Буга кошумча иш берүүчүлөр административдик, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн”,- дешти ТИМден.
Учурда Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн КР жарандарынын саны 1200дөн ашат.
Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жарандарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга чакырды. Кененирээк маалымат алуу үчүн Кореянын Миграциялык кызматынын 1345 сурап-билүү номуруна чалса болот. Инчхон аэропортундагы Миграциялык кеңсенин номуру: 032-740-7391(2).
Ошондой эле бардык маселелер боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчилигине 02-379-0952 телефон номуру аркылуу байланышууга болот.
Булак: “Ынтымак”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: