Бүгүн Аксы районунун Кашка-Суу айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Башат айылында Элдик ашар жолу менен Контейнер көпүрө курулду. Бул жердеги көпүрөнү элдер жыгач менен жасап көп түйшүк тарткан. Бул тууралуу маалыматты Шекербек Камчыбек уулу билдирди.
Жыл сайын жаз мезгилинде жаан-чачын көп болуп, суунун көлөмү көбөйгөндө көпүрөнү суу алып кетчү. Жергиликтүүлөр бодо малдарын, жылкыларын жана майда жандыктарын көпүрөнүн аркы бетине өткөрө албай кыйналчу. Мындан улам туруктуу көпүрөнү куруу боюнча алгачкы саамалыкты Жогорку Кеӊештин депутаты Рада Туманбаева баштап, жергиликтүү лидерлер Өмөркул Калмуратов жана Мейман Мусабековдардын суранычы боюнча Марс кой Контейнер алып беришкен. Бул көпүрөнү курууга керектелүүчү материалдарды сатып алуу жана техниканын кызматын пайдалануу үчүн айыл элдери өздөрү 50 000 (элүү миӊ) сом каражат топтогон. Ошондой эле айыл Өкмөттүн бюджетинен 23 000 (жыйырма үч миӊ) сом бөлүп берүүнү өтүнүп, кайырлуу кат жазышкан. Бүгүнкү күндө элдер ашар жолу менен көпүрө курушту. Көпүрөнүн жалпы сметасы 1 43 000 (бир жүз кырк үч миӊ) сом каражатты түздү.
Шекербек Камчыбек уулу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ