Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улутту к университета кызматкерлерге 4,3 млн. сом суммасындагы эмгек акыларды негизсиз төлөө жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 600 миң сомдон ашык каражатты түзгөндүгүн эсептөө палатасы эсептеп чыгыптыр. Университеттин түзүмдүк бөлүнүштөрүндө бардыгы болуп 7,9 млн. сом каржы бузулган экен. Жалпысынан юридикалык институтта – 2,1 млн сом, экономика жана финансы институтунда – 5,5 млн. сом, педагогикалык кадрларды максаттуу институтунда – 0,3 млн. сом. Негисиз коротулган каражаттарга кылмыш иши козголгонунан кулагыбыз чалды. Негизинен эле акыркы жылдары КУУнун башынан кара булут айланды да калды.
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ