Бүгүн, 2-апрелде Ала-Бука районуна караштуу Кашкалдак маданият үйүндө Өрүктү айыл өкмөтүнүн айымдары менен Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн мырзалары салтка айланган “Сармерден” оюнун өткөрүштү. Бул тууралуу жеринен Курманбек Ниязбеков билдирди.
Аталган оюн таймаш түрүндө өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Мындан ары “Сармерден” таймашы Ала-Бука районунун баардык аймактарында өтө тургандыгын кабарлады Курманбек Ниязбеков.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ