Бүгүнкү күндө оппозиция биримдикке жетпей эле ынтымагы ыдырап, ич ара бөлүнүп, коомчулук астында кызыктай гана көрүнүштөрдү жаратууда. Бийликтин улам бир катачылыгынан көңүлдөрү кала баштаган көпчүлүк кимге ишенерин билбей, маштары маң болууда.
Бирок, сабырдуулук кылып, үмүттү үзбөй турсак… Оппозиция жаатында Өмүрбек Суваналиевдин орду өзгөчө бийик экени, ар кандай ит оюндарга, интригаларга аралашпай, алты жыл мурда кандай позицияда болсо, ошол багытынан тайбай келет. Акүйгө каршы чыгымыш эткен бакылдактардан «Комиссар Катани» айырмаланып, аягына чейин каршылык көрсөтөрүн далилдеди. Айрымдардай болуп, чек ара чатагынан пайдаланып, кычаштык кылбады. Мунун өзү мамлекетчил инсан экенин ашкерелейт. Эгерде мындан башка саясатчы болгондо, жеңил ойлуулук менен эл козголгон жерлерге чуркамак. А Өмүрбек мырза чыныгы аскер адамы катары Кыргызстандын келечегин ойлоду.
Баса, өткөндө СДПКнын депутаты Рыскелди Момбеков «Ыңгайсыз суроолорго» Ө.Исакович менен чыгып, адилеттүү сөз айтты: «Өмүрбек Суваналиев өз ыктыяры менен бир нече кызматтарды таштап кеткен. Бишкек ШИИББди, ИИМ жетекчилигин, Нарын облусунун губернаторлук өңдүү бир катар кызматтарды Курманбек Бакиевдин саясаты менен келише албай, таштап кеткен» деп. Көрсө, генерал бийликте да, оппозицияда дагы татыктуу жүрө аларын, ишенимдүү элдин уулу экенин тастыктаптыр.
Мына ушундай эрдик жасаган фактылар өтө арбын. Убагында дагы токтолобуз. А эң кызыктуусу, эл ичинде Өмүрбек Суваналиевдин президенттик шайлоого аттанышын жактыргандар күн санап көбөйө баштаганы көңүлдү бурдурууда. Эми дагы күчөйт го…
Кабыл НАСИРДИНОВ
Булак: “АЗИЯnews”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ