Menu

Сабыр Муканбетов, журналист: “Кабылан” баш көтөрсө…

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасындагы инцидент, оппозициянын акциялары, камалуулары тууралуу маалыматтар медиа айдыңынын бетин бербей атканда, өлкөдө дагы бир маанилүү саясый өнөктүк болуп өттү. Өткөн жекшемби, 27-мартта жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Шайлоо негизинен мыйзам чегинде, тынч, калыс өткөндүгү айтылууда. Өнөктүккө катышкан партиялар, байкоочулар тарабынан нааразычылыктар айтылбагандан кийин (ар жерлердеги бирин-экин добуш сатуулар тууралуу маалыматтарды айтпаганда), жыйынтыктарга ишенүүгө туура келет. Добуштарды сатуу, сатып алуу шайлоо участкаларынан сырткары жерлерде жасалгандыктан, шайлоо комиссияларын күнөөлөй да албайт экенсиң. Акыркы жылдары катуу өрчүп бараткан добуш сатууну тыюу кыйынга туруп, ал өңдүү терс көрүнүштөр, азырынча шайлоочулар менен шайлануучулардын абийринде эле калууда.
Ош, Каракол, Балыкчы, Кемин, Токмок, Майлы-Суу шаарларында жана 21 айылдык кеңештерге шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, алдын ала боолголонгондой эле көпчүлүк кеңештерде КСДП алдыга озуп чыкты. Эгемендикке ээ болгондо жаралып, эриш-аркак келаткан эки курбалдаш, эски партиялардан КСДП өтүп, “Ата Мекени” фиаского учурап, Майлы-Суудан башка жерде өтпөй калып, орундарды арттан тиреп, өсүп келе жаткан жаштардын партиялары Канатбек Исаев жетектеген “Кыргызстан”, Өмүрбек Бабановдун “Республика – Ата Журт”, Алтынбек Сулаймановдун “Бир Болу”, Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүүсү” толуктады.
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосундагы дагы бир сенсациясы – өткөн 5-чакырылыштагы парламенттик шайлоодо биринчи орунду ээлеген “Ата-Журт” партиясынын Ошто марага илинбегени болду окшойт. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо өтпөй, анан эми жергиликтүү шайлоодо да өтпөй калгандан кийин Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата-Журт” партиясын “жарк этип жанып, тез өчкөн жылдызга салыштырып, тарыхка кетти” дегендер да жок эмес. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын кейиштүү тагдырына партиянын негиздөөчүсү, алмашкыс лидери Өмүрбек Текебаев күнөөлүү болуп калды окшойт. Өткөн парламенттик шайлоодо партиялаштарын кидать этип, олигархтар менен шылуундарга алмаштырып, сатып кеткенден кийин 20 жылдай ач-жылаңач партиянын желегин желбиретип, идея менен жашап келген социалистер Өмүкең саясый сойкулар менен табакташ болуп калгандан кийин түңүлүп, жүзүн буруп кетишкен. Ошондон бери “атамекенчилердин” айласы куруп, “парламенттик шайлоодон кийин улантабыз” деп, былтыр күздө убактылуу токтоткон съездин эмдигиче өткөзө албай, жаман катындын жыйылбаган төшөгүндөй болуп, ушу кезге чейин съезди жабылбай келет. Өмүке болсо, “партиялаштарым талайт, “мощенник” деп, акча доолагандар тытат” таризинде съезд чакыргандан коркуп жүрөт.
Бул шайлоодо негизги көңүл экинчи борбор статусу бар Ошко бурулду. Ош боюнча: КСДП –30,61%, «Кыргызстан» – 15,73%, «Мекеним Кыргызстан» – 11,89%, «Республика – Ата-Журт» – 9,74%, «Бир Бол» – 8,52%, «Өнүгүү-Прогресс» – 8,08% алышып, жер-жерлерде деле борбордогу кырдаал кайталанып, азыркы парламентеги партиялар (“Ата Мекен” оюндан чыгып, “Табылга” деген сыяктуу жергиликтүү шеринелер менен унутулуп бараткан “Замандаштын” кээ бир жерде жылт эткенин айтпаганда) мандатка ээ болушту. Натыйжада, “Кыргызстан”, “Республика-Ата-Журт”, “Бир Бол”, “Өнүгүү” деген жаш “карышкырлардын” ортосунда “карт бөрүлөрдөн” жалгыз КСДП калды. Бирок, жаш “арстандар” прайддагы “карт арыстанды” куугандай заман жок. Анткени, жаштардын ортосунда ынтымак жок, ич ара ырылдашып, “Кабылан” башын көтөрсө, куйруктарын кыпчып, башын жерге салышат. Ынтымак жок. Болбосо, “Бөрү карысын көтөндөйт” деген макал беш мүнөттүк эле жерде тургансыйт…
Ошентип, азырынча, кандай деген күндө да жогоруда аталган беш партия 2020-жылга чейинки өлкөнүн саясатын жүргүзүп, тагдырын аныктайт десек болот. Бул, жылдыздары жаңыдан жанган төрт жаш партиянын ичинен “Кыргызстан” менен “Өнүгүү”  КСДП менен коалицияда болуп, “Республика-Ата-Журт” менен “Бир Бол” “коалицияга киребиз” деп, суй жыгылгандарына карабай сыртка сүрүлүп, оппозициялык роль ыйгарылганын эске алганда, “Кыргызстан” партиясы менен “Өнүгүүнү” КСДПнын негизги өнөктөштөрү катары кароого болот. Айрыкча, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгы боюнча жер-жерлерде КСДПдан кийинки орундарды ээлеп, борбордо эле эмес, региондордо да коалициялаш болуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүү менен “Кыргызстан” партиясынын рейтинги жогорулап, жаш саясатчы Канатбек Исаевдин аброю өсүп атат.
Албетте, “Кыргызстанга” карата “бийликтин партиясы, КСДПнын клону, бир партияга көпчүлүк добушту алуу мүмкүн болбогондон ойлоп чыгарылган  Алмазбек Атамбаевдин проектиси” дегендер да бар. Андай болгон күндө деле бул мыйзамга каршы келбей турган, иш жүзүндө ийгилик камсыздаган тактикалык жүрүш болуп калды. Анан ошол проекти кимге тапшырылды? Ким ишке ашырып, кыска мөөнөттө бүт республика боюнча билимдүү-илимдүү, эмгекчил, таза, жаш кадрларды топтоп, ийгиликке жеткирүү менен аброй тапты? Канатбек Исаев ишке ашырды да.
Президент менен ой-пикири, позициясы бир болгондон кийин кызматташып, бир багытта иш жүргүзүп жатса, неси жаман? Андай кызыкчылык менен Ө.Бабанов, А.Сулайманов, Б.Төрөбаев, баары жүгүрүп, азыркыга чейин президент менен жакындашууга жандалбастап жүрүшкөнү жалганбы? Мындай кызматташуу Ө.Бабановдо да болгон, бирок, жыйынтыгында президент негедир ишеним артып, ишти уланткысы келбеди. Алтынбек Сулайманов да өзүнүн партиясы менен КСДПнын эң ишенимдүү өнөктөшү болуу шансы бар эле. Тилеке каршы, курамына эски одиозный, булганыч адамдарды кошуп алганы үчүн бийлик айнып кетип, оппозицияга сүрүлдү. Мына ушундай кырдаалда Алмазбек Атамбаевдин көзү “Кыргызстан” партиясынын лидерине түшүп, Канатбек Исаев да талбаган аракеттери менен шайлоолордо ийгилик жаратып, ишенимге ээ болуп, президенттин жакын, башкы соратниктерине айланды. Борбордо да, региондордо да 2020-жылга чейин канатташ, коалициялаш болоорунда шек жок. Аны алмаштыра турган альтернатива да жок. Канат мырза эле Ө.Бабановго окшоп, катачылыктарды кетирип, ажонун көңүлүнө суу сеппесе…
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: “АЗИЯnews”      

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: