Menu

Аскар Медетов, илимпоз: “Шайлообек Дүйшеевге ачык кат – Сиздин чаргытма кебиңиз суу кечпейт, анткени, жел сөз!”

Бөлүшүү:

Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Манас орденин ээси Шайлообек Дүйшеевге
Ачык кат
Кадырлуу Шайлообек ага, сиздин соцжеледе талкууга жем таштаган макалаңыз бир тобунун бүйрүн кызытты окшойт. Өзүңүз да көптөн бери дымып калганыңызга ыраазы болбой, «Фабула» гезитине жарыяланган Э.Абдиевдин «Кыргызда БугуЭне деген сөз жок, аны силер таап алып эле айтып жүрөсүңөр, кийиктин баарын Бугу-Эне деп ургаачы кылып салдыңар. Силер айтып жаткан Ала-Мышык тоосунан кармап келген кызды Мүйүздүү Эне дечүбүз» деп атасынан укканы боюнча жазган пикирин «илип» алып, ызы-чууну күсөгөн журналисттик каныңыз ойноп, «Азаттыктан» шаңшыдыңыз. Алды-артыңызды карабай алып учуп, арадай жерге чарадай жыйын курдуңуз.
«Котормочу» деп тергебей эле “Ашым Жакыпбеков туура эмес которуптур” деп түз айтсаңыз талкуу башкача болот беле, ким билет? Сиз сындап аткан Ашым Жакыпбеков кезинде С.Цвейгди, Ю.Лермантовду ийине жеткире кыргызчалап, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын стилин, ыргагын бузбай, көркөмдүгүн, образдарын, символдорун сактап, кыргыз тилине чыпчыргасын коротпой жеткирүүгө умтулган. Ал көркөм котормону да, илимий  котормону да беш колдой билген, урумдан ашкан котормочу эмес беле? Анан котормодо алчы таасынан жазбаган, чебер А.Жакыпбековду “бугунун эркек, ургаачысын  билбей орой ката кетирди” деп, катардагы бир окурмандын сөзүн сап кармаганыңыздын өзү, сиздин  көркөм котормодо куурай башын сындырбаганыңызды көрсөтүп турат.
Адегенде чыгарманын котормосу жөнүндө бир-эки ооз сөз. Ч.Айтматовдун «Ак Кеме» повести А.Жакыпбеков тарабынан чоң чеберчилик менен которулган. Ал түп нусканын баяндоо ыргагын, интонациясын, образдык өзгөчөлүктөрүн сактап, ойдогудай бере алган, эң негизгиси, айтматовдук стилдин «тамырын» кармап, анын «ачкычын» (Г.Гачечиладзе) тапкан. Эми сиз «пир» туткан котормо сынчысынын дооматына келели. «Бугу» деп кайберендин эркегин айтса, ургаачысын Марал деп айтаарын» баса белгилеп, «жазуучу Бугу-Эне деп жазбаганын, Айтматов «Марал-Эне» деп жазганын, эргип кеткен котормочу кашайтып, Бугу-Эне деп которуп салып, ошондон жаңылыштык кетиптир» деп «Азаттыкта» жаңылык ачкансып, жар салдыңыз.
Эгер «Зоология» китебинде, же «Жаныбарлар энциклопедиясында» «Олениха – бугу» болуп которулса, бул туура эмес, илимий эмгектерде, окуу китептеринде текст так, таамай, көркөмдөлбөй которулушу шарт. Ал эми «Ак кемеде» көркөм котормо менен ишибиз болуп отурат. Ага коюлучу талап башка. «Рогатая мать-олениха» эмне үчүн «Мүйүздүү Бугу-Эне» деп которулду? Бугу-Эне баарынан мурда образ, мифтик образ. Ал тээ байыртан бери келатканын кыргыздын тунгуч тарыхчысы, этнографы Б.Солтоноев «Бугу деген атак эң эски замандан кыргызда боло келген» (Б.Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхы» Б.1993) деп жазган. «Бугу-Эне» тотеми «Энелик доордон» бери келаткан көркөм баян экендиги «Кыргыздар» 14 томдугунун  V томуна (түз. К.Жусупов, К.Иманалиев) кирген кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын «Кыргыз элдик адабияты жөнүндө» аттуу эмгегинде  айтылган. Бугуну пир тутуу, тотем катары сыйынуу жалаң эле кыргыздарга эмес, башка түрк-монгол элдерине да мүнөздүү. М.И.Боргояков «Гунно-тюркский сюжет о прародителе-олене (быке)» деген эмгегинде гундардын колдоочу-пири бугу болгондугун айтып, ал жөнүндө аңыздарды баяндаган. Орус окумуштуусу, археолог А.П.Окладников «Олень Золотые рога» (М.,1964) аттуу китебинде Борбор Азиядагы скиф уруктарынын илгерки космогониялык түшүнүгүндө күн-жаркыраган алтын мүйүздүү бугу келбетинде элестегенин, скифтердин, сактардын аскага чегилген байыркы сүрөттөрүндө учуп бараткан  аркайган мүйүздүү бугунун элеси түшүрүлгөнүн жазат. “Алтын мүйүздүү бугуга байланыштуу аңыздар — алардын сыйынган пири-бугу болгонун ырасттап турат” дейт. Көрсө, бугу тотеми Түштүк Сибирь, Борбор Азияга кеңири жайылып, байыркы элдер түпкү тегин бугудан издешкен экен. Чыгармада Бугу-Эне синтездүү образ, кентавр өңдүү бир эле учурда он сегиз айры мүйүздүү бугу, анан да желини ийип, жетимдерди баккан мээримдүү марал да болуп көрүнөт, байыркы мифтерде  аркайган мүйүз да сакралдуу мүнөзгө ээ. Повестте Бугу Эне-Умай Эне деп да айтылат. Түрк тилдүү шор элинин реалдуу дүйнө таанымында Умай наристелердин пири болгон, Алтайдагы шаман дининдеги элдердин,кыргыздын да  дүйнө таанымында Умай аялзатынын, эненин пири.
Демек, байыртан бери келаткан мифтерде эл сыйынган ыйык тотем-бугу, марал эмес! Чыгармада автордун оюн, ниетин котормочу терең түшүнүп, бугу жөнүндөгү мифтердин түрк-монгол элдеринде илгертен келаткан версияларын эске алган. Демек, «Марал-Эне» деп которууга эч кандай негиз болгон эмес. «Марал-Эне» деп которулса, образдын миң кубулган керемет катмары шылынып, түп-тамырынан бери өзгөрүп, мифтик касиетинен ажырап калмак.
Көркөм котормого болгон мындай мамиле “натуралистик котормо” деп аталат.  Э.Абдиевдин ыкмасына салып карасак, Л.Толстойдун «Воскресение» романын С.Бектурсуновдун «Пейилдин оңолушу» деп которгону туура эмес, ал «Жекшемби» деп которулушу керек. Сөзмө сөз которуу, сөзгө сөздү дал келтирүү кыркынчы, элүүнчү жылдардагы котормолорго мүнөздүү көрүнүнүш, аны учурунда “формализм” деп аташкан. Э.Абдиевдин «Бугу-Эне болуп которулбайт” деп, сизге берген «рецеби» — формализмдин үлгүсү. М.Ю.Лермантовдун «Герой нашего времени» романын Абдылдаев «Биздин замандын кишиси» (1951) деп туура эмес  кыргызчалаган, Э.Абдиевдин «рецеби» боюнча «Биздин замандын баатыры» деп тескери которулмак, романды А.Жакыпбеков «Биздин замандын уулу» деп маанисине карап, атына затын жараштырып туура которгон.
Кыргыз «Айгыр-Эне, Бука-Эне, Кочкор-Эне» деп айтпагандай эле «Бугу-Эне деп  айтпайт” дейсиз. Ооба, айтылбайт, ал эки жерде эки төрт дегендей эле түшүнүктүү, бирок жогоруда белгилегендей — бул образ, мифтик образ экендиги, а мифте кереметтүү, сыйкырдуу көрүнүштөр, кубулуштар айтыларын эсиңизге сала кетели. Ал эми Бугу-Эненин образы элге сиңип, кеңири тарап кеткенине сиз тыраалабай эле коюңуз. Бугу уруусу жөнүндө аңыз болгондон кийин (чыгармада Бугубайдан тараган деп айтылат) эмне  үчүн «марал» деп которулушу керек? Марал деген уруу жок болсо, же сиздин бугу уруусун — марал уруусу деп өзгөртөйүн деген максатыңыз барбы? Андай оюңуз болсо, бугунун аттуу-баштуулары менен кеңешсеңиз болмок.
Повесттеги  көркөм реалдуу турмушта Момун да, бала да бугуларды көргөн учурда котормочу кырдаалга, шартка жараша «маралдар» деп эле берип жатпайбы? Ал тургай маралдарды токойдон көрүшкөндө: -Ой ээй! Карасаң, карасаң тигил эмне?-деп Сейдакмат кыйкырды биринчи: -Бугулар! Кайдан келген бугулар?
-Эмне кыйкырасың энең эркек туугандан бетер? Бугу эмес, айбан, буларды марал дейт! Биз кечээ эле көргөнбүз,-деди Орозкул байкас албагандай». (Ч.Айтматов Гүлсарат. Ф.1978.289-б.) Көрсө, соцжеледе “котормочу бугунун ургаачысы менен эркегин ажырата алган эмес” деген сөзүңүз суу кечпеген сөз экен. Сиз сөздүн төркүнүн түшүнбөй эле «Азаттыкта» шаңшып, угармандардын башын айлантып, сайга аркандап, котормочуга негизсиз дооматтарды коюп, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издегенсиз.
«Ак кемедеги» аңыз Э.Абдышев атасы экөө ойлогондой, Кылжырдын уулу Орозбактан тараган бугу уруусу жөнүндөгү санжыра эмес. Бул баарынан мурда не бир каар замандарды, не бир калаймандарды башынан кечирген элдин Эне-Сайдан бери келаткан тарыхынын мифке айланган образы. Повесттен санжырадагы “Мүйүздүү энени издөө жаңылыш, Ала-Мышык тоосу, Карамырза менен Мырзакул канна?” деп талап кылуу орунсуз. Повесть өзүнчө көркөм дүйнө, «Ак кеме» повестиндеги Мүйүздүү Бугу-Эне — анчейин кыргыз тоолорундагы реалдуу бугу гана эмес, ал баарынан мурда ата-бабадан келаткан эзелки мурас-символ, ыйык эненин элеси, адам баласы тутунган идеал» деп К.Асаналиев Мүйүздүү Бугу-Эненин образын туура чечмелеген. «Ак кеме» повестинин жарык көргөнүнө 46 жылдын жүзү болду. Андан бери анын тегерегинде канча талаш-тартыш жүрдү, котормо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү, илимий эмгектер жаралды. Белгилүү адабиятчы К.Асаналиевден тартып, Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү, мифчыгармачылыгы, философиясы, чыгармаларынын котормолору жөнүндө жазбаган кыргыз адабиятчысы калган жок окшойт. А сиз болсо, «Азаттыкта» шаңшып, алардын баарын көрбөгөн, билбеген киши болуп, окурман Э.Абдиевдин сөзүнө кирип, аны ээрчип «убагында билбей, байкабай калыптырбыз» деп актанып, бул «орой катаны» «Ак кеменин» кийинки басылыштарында оңдоо боюнча күүлөнүп отурасыз.
Биринчиден, Мүйүздүү Бугу-Эне  —  бул символ, синтездүү образ, аны санжырадагы Мүйүздүү байбиче менен чатташтырбоо керек.
Экинчиден, сиз өзүңүз «Ак кемени» которуп, ошондо «Марал-Эне» деп өз вариантыңызды берсеңиз болот, ал эми бүткөн ишти бүлдүрүп, А.Жакыпбековдун  телегейи тегиз котормосуна «суук колуңузду» салбаңыз.
Үчүнчүдөн, бийлик оозуңузду майлап койсо, “Эштек баягы Эштек эмес, башынан май агып атат” деп, төбөсү менен кудук казып жаткан элдин турмушун бурмалагандын ордуна чындыкты айтыңыз, бугунун котормосун эрмектегенди   коюп, Эштек деген сөздүн этимологиясын билип алыңыз. “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дегендей котормону анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон котормочуларга бериңиз, ошолор адис катары жүйөлүү, негиздүү пикир айтат. А сиздин чаргытма кебиңиз суу кечпейт, анткени, жел сөз!
Сизди урматтоо менен Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты
Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: