Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жайгашкан Фольклордук талаасында, 7-апрель күнү аскердик-спорттук-маданий «Мыктыгер» аталышындагы иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ИИМги тарабынан демилгеленип өткөрүлгөн «Форумдун» жыйынтыгында кабыл алынган иш-чаралардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин бүгүнкү күндөгү эӊ бир приоритеттүү багыттарынын бири болгон «Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо» алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилиги астында, Жалал-Абад областык укук-коргоо органдарынын демилгеси менен аскердик-спорттук-маданий «Мыктыгер» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
«Мыктыгерди» өткөрүүнүн негизги максаты – облустун аймагында ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык биримдимкти чыӊдоо, өспүрүмдөрдү сергек жашоого, мекенди сүйүүгө үгүттөө жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет.
Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эгембердиева Жумагүл Шариповна жана Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрликтин өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.
Программага ылайык КРнын ИИМнин атайын багыттагы полкунун тактикалык машыгуусунан көрүнүштөр, Жалал-Абад ОИИБнын ТЧКАОнын кызматкерлеринин аскердик кол уруш боюнча машыгуу ыкмалары, куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандырып, барымтадагыларды куткаруу боюнча тактикалык көрсөтмө, Жалал-Абад областындагы «Каратэ-До» федерациясынын жана Динамо-Самбо спорт клубунун жаш спортчулдары тарабынан спорттук көнүгүүлөрдүн элементтери көрсөтүлөт.
Жалпысынан иш-чарага областын аймагынан мектеп окуучуларынан куралган 11 команда катышып, команданын курамы 15 улан 10 кыздан түзүлүп, жалпы 2000ден адам катышуусу менен уюштурулат. Аларга:
– Өрт коопсуздугунун кызматкерлери.,
– Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери,
– Областык спорт комитети,( карате, Динамо, Алыш)
– Областык усулдук борбору,
– Коргоо министринин алдындагы “Илбирс” кызматы,
– Улуттук гвардиянын аскерлери
– Баткен, Афган коомунунан(30)
– 7-апрель баатырлары,
– Санпа шеиттер коому
– Жаштар коому
– Бей өкмөт уюмдар,
– Билим берүү кызматкерлери
– Жалпыга маалымдоо каражаттары
-Жалал-Абад ОИИБнын жалпы өздүк курамы катышышат.
Аскердик талаада “талаа ашканасы” да уюштурулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ