Деги биздин бийликке түшүнүп болбойт. Өкмөт айыл чарба багытын өркүндөтүү максатында, кайрак жерлерди иштетүү үчү суу көйгөйүн чечүүгө миллиондогон сом жумшап, ирригация маселесин жөнгө салуу аракетин көрүп келет. Ошол эле учурда, миңдеген гектар сугат жерлерине курулуш иштери жүргүзүлүп, жаңы конуштар түшүп жатат. Ал айыл чарба жерлерин болсо Өкмөт трансформация кылуу менен алек. Жалпак тил менен түшүндүрө турган болсок, кайсы бир шылуун жүздөгөн, миңдеген гектар сугат жерин сатып алып менчиктештирип алат дагы, аны кайра 4-5 сотыхтан кылып бөлүп сатат. Үйүңөрдү сала бергиле, кийин трансформация болот деп. Бул көрүнүш жүздөгөн киши үй салып алгандан кийин Өкмөт эч нерсе кыла албай калат, элдин басымы менен айла жок трансформация кылып берет деген кыйды, арамза ыкма экенин баары жакшы түшүнөт. Ошол себептен Бишкектин айланасындагы Чүй облусунун сугат жерлери жаңы конушка айланды. Кайрак жерлерди сугат жерине айланта албай жатып, сугат жерлерин жок кылган биздин өлкөнүн саясатына баракелде дебестен башка арга жок.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ