Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов ММКларга чыккан мыйзам бузуулар боюнча макалалардын ар бирине Башкы прокуратура көңүл бөлүп, ал иштерди тыкыр көзөмөлүнө алаарын ЖКдагы жыйындын биринде айтты.
Демек, андай болсо күн сайын ММКлардын бетине чыккан жүздөгөн “кылмыштуу” жаңылыктарды тергөө менен эле башкы көзөмөл органы алек болуп жаткандай. Антели десек, биздин гезит да бир катар жолу Башкы прокуратурага тийиштүү коррупциялык иштерге байланышкан макала-маектерди жарыяладык эле, Башкы прокуратура тарабынан бир дагы реакция болгонун уга элекпиз.
Андыктан башкы прокурордун орун басары өз сөзүн бышыктагысы келсе бизге атайын жооп кылып, басылмадагы материалдар боюнча эмне иш жүргөнүн айтып берип койсо деп үмүттөнүп турабыз. Эгер жооп албасак, анда анын парламенттеги 120 депутаттын алдында айткан сөзү карандай калп болуп чыгаары бышык…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ