Menu

2010-жылдагы Нарын революциясынын уюштуруучусу Эркин Асаналиевдин Кайрылуусу: “Алмаз Шаршенович, өзүңөр бийликке кандай жол менен келгенсиңер?”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмаз Шаршеновичге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Өкмөтүнө жана Кыргыз элине Кайрылуу
Урматтуу Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт мүчөлөрү биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүдөй: баарыңыздарга белгилүү болгондой 23- март 2016-жылы камакка алынган Кыргыз оппозициясынын УОКтун (улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери) Кубаныч Кадыров менен Бектур Асанов боюнча болмокчу. Биздин пикирибиз боюнча, бул активистерди камакка алуу алардын айткан сөзү үчүн гана болуп алардын сүйлөшкөн сөздөрүн азыркы бийликти жактаган массалык маалымат каражаттары көбүртүп-жабыртып элге башкача мааниде жеткирип аларды коркунучтуу бир күчөрдүн өкүлдөрүнө айлантып жатканы абдан өкүнтөт. Ал эми чындыгында өлкөбүздө мындан дагы коркунучтуу элге белгилүү болгон Батукаев түрмөдөн бошотулган учурда мамлекеттик ММКлар өздөрүн басып, ошондо дагы эркин журналистер гана элге маалымат чыгарымыш болушкан. Мындай бир тараптуу маалымат менен жөнөкөй элди алдап коюу мүмкүн эместигин ар бир эле жөнөкөй жаран түшүнүп калды.
Бул камактагы оппозиция өкүлдөрүнө план түзүшкөн, жашыруун сүйлөшүп олтурушкан бийликти басып алууга аракет кылган, деген күнөө коюп жатасыңар. Бул туура эмес убагында, 2010-жылы деле силер ушундай жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүп план түзчү эмес белеңер, ошондо силер Алмаз Шаршенович,бийлике кандай жол менен келгенсиңер?
Анда кайда калды Акаев куруп кеткен Кыргызстан демократиянын, сөз эркиндигинин аралчасы? Же биз ачык сүйлөгөн, өз оюн ачык айтып бийликти сындоочуларды каматкан, чындыкты капка жашырган, кампромат, шанташ, коркутуп үркүтүүнүн тоталитардык бийликтин аралчасын куруп жатабызбы? Бул жерден бийлик өкүлдөрүнө эскертип кетмекчибиз, кыргыз эли тооодо жашап тоодо өскөн, бийик, эркиндикти сүйгөн эл экенин бул эл эч качан теңсиздикке тоталитардык бийлике жол бербестигин эскертип кетмекчибиз!
КР Кониституциясында каралган «мыйзам алдында баардыгы бирдей» деген нормадагы азыркы саясатчыларга жана бийлик өкүлдөрүнө калыс иштеген жок. Мисал келтирсек бул камактагы оппозиция өкүлдөрү жашыруун сүйлөшүптүр бийликти алмаштыруу боюнча( кандай жол менен белгисиз) ал эми президентибиз жакында Ошко барган иш сапарында элге кайрылдыго -«Оппозиция келсе таш менен ургула», дегени эмне үчүн бул кайрылууга мыйзамдуу түрдө баа берилбейт? Мыйзам алдында Президент да бомж да тең укукуу го.
Урматтуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү азыркы бийликти кучактап олтурган бийлик ээлери (А.Атамбаев,Т Сариев,Ф Ниязов,И Илмиянов.Ч.Акунов, Ө.Текебаев,) унутуп калбасаңар, сиздердин эсиңиздерге салып кетсек. Сиздердин азыркы майлуу орундарга алып келип отургузган ошондогу досторуңар 2010-жылдагы Элдик революцияга зор салым кошкон азыркы камактагы К.Кадыровду, Б.Асановду камап миз көрсөтүп коебуз деген амалыңар туура эмес тактика экендигин, бийлике чоң тескери аброй алып келээрин эскертип кетмекчибиз.
Сиздерди абдан Урматтоом менен 2010-жылдагы Нарын революциясынын уюштуруучусу – Эркин Асаналиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: