Биздин бийлик эгелери жылдан-жылга Кыргызстанда өнүгүү тенденциясы байкалып жатканын айткандан тажаша элек. Кечээ эле өкмөт башчы Темир Сариев да былтыркы жылы КМШда жалгыз Кыргызстанда экономика өскөнүн айтып мактанган.
Бирок, америкалык “Global Finance Magazine” басылмасынын иликтөөсүнө ишенсек, Кыргызстан 185 өлкөнүн ичинен 142 орунга жайгашып, өркөнү өсүп бараткандарга анчалык коошпой тураарын жар салды.
Анткени бизге салыштырмалуу Азербайжан менен Белоруссия тизменин 64-65-катарына жайгашса, Эстония туура 100 сап алдыда турат экен. Өзбекстандан да артта калыптырбыз. Казакстан болсо өнүгүп жаткан 50 мамлекеттин катарына кирип, Орусияны басып өтүптүр. Күйүнөөрүңдү же сүйүнөөрүңдү билбейсиң…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ