4-апрель 2016-жылы “Парк–Отелде”өткөнбийлик менен оппозициянын ортосундагы жолугушуунуннатыйжасындаЖарандык Форумдун башкаруу комитети резолюция кабыл алды:
Бийлик менен оппозициянын ортосунда болгон жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, оппозиция тарабынынан берилген курч суроолорго тиешелүү жооптор берилгенине карабастан жоопсуз калган кээ бир суроолорго жакынкы аралыкта кагаз жүзүндө жооп берилсин.
Элдин пикирин эсепке албай электр энергиясынын тарифин негизсиз көтөрүп жана аны кайрадан алып салган мамлекеттик чиновниктерге тиешелүү жазалар берилип, кызматтан кетирүү маселеси каралсын. Бул боюнча КРнын премьер-министерине атайын кат жазылсын.
Бийлик тарабынан оппозициянын лидерлеринин үстүнөн куугунтук уюштуруу токтотулсун. Оппозициянын лидерлеринин жана жөнөкөй эле жарандардын үстүнөн тыңшоону уюштуруу мыйзамсыз деп табылсын.
Бийликтин оппозициялык жана жарандык күчтөр менен жолугушуп туруусу зарыл экендиги белгиленсин.
Оппозициянын өкүлдөрүнүн жана анын тууган уруктарын, жакындарынын үстүнөн массалык маалымат каражаттары аркылуу каралоо токтотулсун.
Бийлик өкүлдөрүн сындаган жана өз көз карашы бар журналистерди каралоо жана куугунтуктоо токтотулсун. Алардын үстүнөн миллиондогон айып пул салуу бийлик тарабынан болгон куугунтук деп табылсын.
Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин алмаштыруу шайлоо жолу менен мыйзамдын чегинде гана ишке ашсын.
Бийлик менен оппозициянын бүгүнкүдөй жолугушуусу туруктуусистемалуу мүнөзгө өтүп, мезгил -мезгили менен уюштурулуптурсун.
Бийлик менен аппозициянын кезектеги жолугушуусу 2016-жылдын 28-апрелге белгиленсин. Бул жолугушууну уюштуруу кайрадан Жарандык Форумдун башкаруу комитетинин төрагасы Турсунбек Акунга тапшырылсын.
Бишкек, 4-апрель 2016-жыл
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ