Нарын районундагы Кара-Кужур өрөөнүн тургундары Сары-Булак – Кара-Кужур унаа жолун көзөмөлгө алууну суранат. Аталган унаа жолдун талкаланышына тоо кенин иштеткен ишканалар себеп болууда. Эске сала кетсек, Кара-Кужур өрөөнүндө Солтон-Сары жана Ак-Таш кендери бар. Ак-Таш кенин айтылуу олигарх Аскар Салымбеков Акаевдин заманында, Нарын облусунун губернатору болуп иштеп турган учурда кызмат абалынан пайдаланып менчиктеп алганы айтылып жүрөт.
Азыркы тапта Ак-Таш кени казылып, күнгө онго жакын камаз, салмагы он тоннага жакын ташты жүктөп алып, жогоруда айткан Кара-Кужур жолу менен тынымсыз Бишкекке таш ташып турушат. Жергиликтүү тургундар буга чейин бул маселе боюнча бийликке кайрылганын, өгүнү Темир Сариев Эл Баатыры Таштанбек Акматовго чейин жолукканы барганда дагы дал ушул жол маселесин кабыргасынан коюшканын, Өкмөт башчынын көзүнчө облус губернатору Аманбай Кайыпов элдин талабын муюп угуп, ооба жолду жакын арада оңдойбуз деп убада бергени менен эмдигиче жол оңдолбогонун айтып эл нааразы.
Эгер жакын арада жол оңдолбосо анда Нарынга барып арманыбызды айтпай эле, түз эле Бишкекке Ак үй алдына барып нааразычылык акциябызды өткөрөбүз дейт жергиликтүү тургундар.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ