Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-апрелде өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жыйында Мамлекет башчысына Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү жана өлкөнүн аскерий кубатын күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары Кыргызстан аймагында кезектеги аскерий машыгууларга даярдык көрүү чаралары тууралу маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев жана кеңешменин катышуучулары Россия Федерациясы менен аскерий-техникалык кызматташтыктын алкагында өлкөгө заманбап аскер техникасы менен курал-жарактарды алып келүү маселелерин талкуулашты.
Кеңешменин аягында Мамлекет башчысы күч блокторунун жетекчилерине өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү жана коргоо жөндөмүн арттыруу иштерин мындан ары жандантып жана күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ