Menu

Жогорку Кеӊеш 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 6-апрелде өтүп жаткан жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Эмгек кодексине жана “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири депутат Рыскелди Момбековдун берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу эркиндик, демократия, адилеттик үчүн күрөштө курман болгондордун элесине таазим этип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында, 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө демилгеси сунушталган.

Ошондон улам, КР Эмгек кодексине жана “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга эки өзгөртүү киргизилет: мыйзамдын аталышындагы “апрель” деген сөздү “Апрель” деген сөзгө алмаштыруу, “Элди“ апрель революциясынын күнү” деген сөздөрдү “Элдик Апрель революциясы күнү” деген сөзгө алмаштыруу.

Талкуу жүрүшүндө сунушталган мыйзам долбоору мындан эки ай мурда даярдалганы, аны бир катар коомдук уюмдар да колдогону, элдин талабы да ушундай экени белгилүү болду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин эки тармактык комитети, баардык парламенттик фракциялар тарабынан жактырылган. Депутат Мээрбек Мискенбаев сындуу бир катар эл өкүлдөрү 2010-жылдын 7-апрелин “бир жолдун үч ашуусу” катары сыпаттап, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Эмгек кодексине жана “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору добушка коюлуп, ал дароо эле үч окууда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 4-апрелинде КР Президентинин “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыгы чыккан. Анда бул күндүн кыргыз мамлекети менен кыргыз эли үчүн мааниси зор экени баса белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: