Menu

Кан басымын кантип туруктуу кармоого болот?

Бөлүшүү:

Жер шарында  бир эле күндө 7-8 млн. адам кан басымынын (гипертония) өтө жогорулап кетишинен каза болушат экен. Ал эми дүйнө жүзүндө 1,5 млрд. адам кан басымынын жогорулап кетүүсүнөн жапа чегет. Биздин республикабыздагы эң кеңири тараган оору дагы бул артериалдык гипертония (кан басымдын жогорулашы) оорусу. Калктын 30-40 пайызы бул оору менен жабыр тартып, каза болгондордун саны жылдан жылга өсүүдө. Күн жылыгандан тарта ар бир экинчи адамдын башы ооруп, кан басымы жогорулап же төмөндөп кеткенин эшитип калабыз.  Өмүр бою көзөмөлдөөнү талап кылган кан басымынын туруксуздугу өтө коркунучтуу. Кан басымын үй шартында, элдик медицинада кантип туруктуу кармоо тууралуу кененирээк маалымат   сунуштайбыз.

 Кан басымы жогорулаганын кантип байкайбыз?

images110/120 орточо кан басым болуп саналат. Ал эми 140/180ден өйдө болсо кан басым жогору деп саналат.

Баш оору күчөйт, кулагыңыз чуулдап, беттин кызарганы күчөп, ысып жаткандай сезимге кабыласыз. Өзүңүздү бир калыпта кармай албай, дайыма тынчсызданган абалда болосуз.

Алгачкы жардам

Башты бир аз бийигирээк жаздап дароо жатуу керек. Бутту жылуу сууга салып отуруп, башыңызга массаж жасатып, чекени ушалап отуруу керек. 30-40 тамчы волокордин ичип, тилдин астына нитроглицерин салыңыз.

Үй шартында кан басымды кантип төмөндөтөбүз?

Лимон, бал жана чеснок

лимонЖарым стакан балга, 1 лимонду майдалагычтан өткөрүп кошобуз. Беш сарымсактын тишчелерин да өтө майдалап кошуп жакшылап аралаштырабыз. Күнүгө эки маал тамак алдында бир аш кашык менен ичип туруу абзел.

Сарымсак жана суу

chesnokЭки сарымсактын тишчелерин майдалагычтан өткөрүп, 1стакан сууга салып 10-12 саат салкын  жерге коюп коебуз. 10-12 сааттан соў аны ичкенден кийин кайра жаўысын дайындап коюу керек. Бул сарымсакка кошулган сууну ичүүнү бир айга чейин улантсаўыз кан басымыўыз нормалдашып, бир калыпка келүүгө чоў жардамы тиет.

Бал менен жашылчалар

Бал менен жашылчалардын ширеси дагы кан басымды бир калыпта кармап, сизди дарттан арылтууга жакшы жардамы тиет. Бирдей ченем менен бир стаканга кызылча, сабиздин, түрптүн ширесин  аралаштырабыз. Бул таза ширеге 1 кашык таза бал кошобуз. Бул аралашманы муздаткычта сактап, тамак алдында эки аш кашыктан ичип турабыз.

Чычырканак кан басымына табылгыс дары

Кан басымын түшүрүү үчүн күнүгө түшкү тамактануудан кийин 100 грамм чычырканактын мөмөсүн жеп туруңуз. Мөмөсү жок болсо ширесин кайнак суу менен теңме-тең кылып аралаштырып 1 стакандан ичсеңиз болот. Бул кан басымын түшүргөндөн тышкары иммунитетти көтөрөт.

Уксус менен алманын ширеси

kakie_produkty_ponizhayut_davlenie_u_chelovekaБир аш кашык уксуска 300 грамм алманын ширесин аралаштырып, ага марли малып алып таманга жапса кан басым түшүп бир калыпка келет.

 

Кан басымы жогоруларга эмне жегенге болбойт?

1) Тузду азыраак колдонуп, бир күндө 3-5 грамм туз менен чектелүү керек, ошондой эле суюктуктун көлөмүн 1-1,2 литрден ашырбаңыз.

2) Малдын майлуу майларынын ордуна тамак жасаганда суу май колдонуңуз, таттуу азыктардан (кумшекер, шоколад) баш тартыңыз.

Такыр колдонууга болбой турган азыктар: спирт ичимдиктери, ачуу, туздалган, ышталган тамактар, майлуу балыктын эти, кофе,  кара чай.

Кан басым төмөн болсо кандай абалда болосуз?

90/60тан кийин кан басым төмөн болуп эсептелинет. Алыңыз кетип, өңүңүз кубарып, айрым учурларда эсин жоготуп жыгылып калганга чейинки абал күтүлөт.

Биринчи жардам катары эмне кылуу керек?

Бутту өйдө карай асып жатуу керек. Кумшекер кошуп кызыл чай же кофе ичсеңиз жакшы жыйынтык берет.

Кан басымы төмөн болгондор үчүн: Кызыл шарап, күнүгө эртең менен 100 грамм ичүү керек, шокалад, кара чай, кофе, анар, курма, кызыл кызылча, бал, өрүк, мейиз, жаңгак.

Кан басымынын көрсөткүчтөрү

Төмөнкү кан басым   100/60;

Төмөнкү нормалдуу кан басым 100/60-110/70;

Нормалдуу кан басым 110/70-130/85;

Жогорку нормалдуу кан басым  130/85-139/89.

Кан басымын ченеген каражат

kak_izmerit_puls_8-500x335Жогорку кан басым  140/90 кандын басымын сымап мамычасынын миллиметри, тагыраагы, тонометр деген бирдик менен ченейт. Тонометр дайыма көрсөткүчтү 2 сан түрүндө жүрөктүн согуп турган маалы менен сокпой турган маалын көрсөтөт. Бул аппарат аркылуу кан басымынын ылдый же жогору экенин билүүгө болот. Кан басымы оорусу эки топко бөлүнөт: жогорку жана төмөнкү.

 Грипптен айыккандай гипертониядан айыга албайсыз

Грипптен айыккандай гипертониядан (кан басымынын жогорулашынан) толугу менен айыгуу мүмкүн эмес. Ал өмүр бою калуучу оору болуп эсептелинет. Бирок сергек жашоо образына өтүп, жогорку натыйжалуу дары-дармектерди колдонуу аркылуу ага көзөмөл жүргүзүп, анын оор абалга өтүп, күчөп кетишинен сактанса болот. Кээ бир адамдар кан басым көтөрүлгөндө эле дары ичип коюу керек деп ойлошот. Бирок эгер адамдын кан басымы болсо, дайыма дарыгердин берген дарысын ичип,  өзүн көзөмөлдөп туруу зарыл.

Медицина кызматкерлери кан басымдын жогорулашын «тынч өлтүргүч» деп да аташат. Анткени адамдын кан басымы көп жылдар бою көтөрүлүп жүрө берет да, адам өзү сезбейт. Качан врачка бир жери ооруп кайрылганда, инсульт же инфаркка чалдыкканда гана кан басымы жогору экендиги анык болот. Андыктан кан басымын тез-тез өлчөтүп, өз өмүрүўүздү узартууга кам көрүўүз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: