Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча алмаштыруучу жайлардын тукуму үзүлсө туура эле болмок дегендей оюн билдирген. Анын пикирине караганда акча алмаштыруучу жайлар атайын финансы институту болуп саналбасын, аларда айланган акчанын каражатынын көлөмү банк системаларынан да көптүк кыларын, бирок мамлекетке алардын ишмердүүлүгүнөн анчалык деле акча түшпөй жатканын айткандай болгон.
Ал эми КР Салык кызматы бул пикирге караманча каршы чыгууда. “Банктар кеңири масштабда иш жүргүзүшөт, андыктан салыштыра келгенде алардын акча алмаштырган жактары эле окшобосо, калганы караандабайт. Ошондой эле 2015-жылы 25 959 900 сомдук 3339 патент алынса, быйылкы жылдын эки айында эле 4 446 600 сомдук 532 патент берилиптир. Ошону менен эки килейген мамлекеттик мекеме бир маселе боюнча эки башка пикирде…Кимиси жеңээр экен.
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ