Menu

СДПКчылар парламентке өтүп эле … “үйсүз” болуп калышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатса, алардын 12си КСДП фракциясынан. Үйүм жок дегендердин арасында байлыгы эл оозунда айтылып келаткан Анвар Артыков, Тилектеш Исаев сыяктуулар да бар.
Кызматтык батирлерди бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жарыялады. Аларга ылайык, 16 депутаттын Бишкекте үйү жок болуп чыккан.
Баарынан мурда буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйгө муктажмын дегени көп суроолорду жаратат. Көрсө, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты кызматтык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеген экен. Аны кайтарып берүүгө ниети жок.
Үйү жоктордун арасында дагы бир социал-демократ Тилектеш Исаев да жүрөт. Анын ишендиришинче, Бишкекте ага таандык үй жок, эми гана куруп жаткан экен. Анткен менен буга чейин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген адамдын үйү жок экенине ишенгендер аз.
Эскерте кетчү жагдай, 2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоонун алдында бардык партиялар депутаттык артыкчылыктардан, кызматтык унаалардан жана батирлерден баш тартабыз деп убада беришкен.
Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: