Menu

Албек акеге бак-дарактар оорчулук жаратты

Бөлүшүү:

–«Кырсык каш кабактын ортосунда»- дегендей, эртең эмне болоорубузду билбейбиз. Өткөн жумада, жүрөк өйүтө турган окуя болгону чындык. Тагыраагы убагы жетип, чирип калган бак кулап, адам өлүмү менен коштолду. Эми мындай, Бишкек мэри буга чейин эмне кылып турду деген суроо туулат. Качан киши өлмөйүнчө, “өлбө жаным өлбө”, – болуп шаар тазалыгын карагандан башка иш кылбайбы деген.

Бул өкүнүчтүү окуяга алып барбай, күн мурунтан алдын алса балким, мындай кейиштүү иш катталбайт болчу дейсиң. Айталы дегенибиз. Туура келгенине бир айдан ашалек жатып, ишине саресеп салган эртедир. Бирок, Мэрдин кылаар кызматы кандай десеңиз. Шаардын тазалыгы, элге ыңгайсыз жараткан жаман көрүнүштөрдү көз алдынан өткөрүп абай салуу менен ошону ишке ашыруу болуп эсептелет. Мындай ой жаралат, азыркыга сын айтуу эртерээк дей турган болсок.

Кулматовдун көзгө басаар, ооз толтура айткан иши аткарылбаптыр да. Көрсө, элдин үмүтүн актай албай калганда, акырын жең ичинен сүйлөшүү менен кызматынан алуу болуп калабы? Айтып отурсаң түбү көрүнбөгөн, түшүнүксүз жагдай. Кырсыкты айтып болбойт, кудай кааласа азыр алам десе да, алып кетет. Андыктан алакандай Бишкекти гүлдөтүп, эскилиги жеткен бак-дарактарды кыркуу менен илгерки жашыл шаарды тургузуп коюш оор эместир. Сөз соңунда Албек Ибраимовго ийгилик каалап, шаарды көрктөндүрөт деген ниет менен үмүт арта туралы.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: