Menu

Экономика «мусулман эмессиң» дейт

Бөлүшүү:

Жапондор колдонулган автоунааларды сатуу бизнесин кантип пакистандыктарга тарттырып жибергенин билесизби? Билбесеңиз угуп алыңыз да, «уккан эмесмин» дебеңиз. Самурайлардын тукуму колдонулган машинени сатарда: «Бул жагында мындай кемчилиги бар. Дароо каратып албасаңыз мындай-мындай кесепеттерге себеп болушу мүмкүн. Кааласаңыз баасын дагы арзандатып берейин», – деп сатышчу экен, капырай! Биздин пакистандык мусулман бир тууганыбыз болсо ошол эле унааны Латвиядан унаа алып келип саткан куду бизге окшоп: «Жапжаңы! Бир жапон чалдыкы экен. Дачасына барып келүү үчүн эле алыптыр», – деп ыйманын жеп урдура баштаган. Анан жапондор «бул бизнесте жакшылык калган жок» дешип, колдонулган автоунааларды сатуу ишинен чыга качышыптыр.

Советтер Союзунун бири-бирине түк ишенбеген, биринин аркасынан бири тоголок арыз жолдогон доорунан чыгып, соодага киргенде бир феномен пайда болгон. Дордойдун бардык контейнерлеринде «Сатылган товар кайра алынбайт!» деп жазылып калган. Ошондон бери соода менен шугулданган Кыргызстанда бул адат кичине чегингенсийт. Албетте, товардык чекти жоготпосоң, кирдетпесең жана жыртып, тытып жибербесең саткан нерсесин кайра тапшырсаң болот. Америка Кошмо Штаттарында болсо баары мусулманча экен. Муну биринчи башка өлкөлөрдөн барган ындыкара жана башка мусулман бир туугандарыбыз байкашыптыр. Дүкөнүнөн бир буюм алып, жарым жыл кийип туруп, бир мандемин таап, (жакшылап чукусаң чыгат да) кайра алып барсаң (куду Ислам дин буюргандай) кайра алышат экен, «келесоолор»! Биздин кыздардан бирөө ушуну жасап көрүптүр. Болот экен! Ал карындашыбыз бир дүкөндөн плащ алып кийип, жарым жыл жыргаганский! Анан кайра алып барып тапшырып салыптыр. Жеңдеринин учу кирдеп калган экен, «Бир уялам десең!» дейт «сезимтал» карындашыбыз. Бирок бир нерсени байкаш керек экен. Кийим алып, кайра тапшырган жериңе кийин бара албайт экенсиң. Эми бул деле маселе эмес да. Дүкөн деген кокодон эмеспи кең АКШда.

Өткөн сандардагы макалабызда капитализмде бардык нерсе чексиз керектөөгө багытталып, ысырапка алып келерине токтолгонбуз. Бирок, кандай болгон күндө да керектөөчү ынсаптуу болгону эп окшойт.

Контейнердеги жогорудагы жазууга келсек, капитализм коммунизмди туугандай эле, коммунисттик идеология да жапайы капитализмди тууйт тура. Коммунизмден туулган капитализмде адамдар жеке менчик мүлкүн кудайындай көрүп, ага сыйынып, ырыскысын андан сурап, байлыгын көбөйтүү үчүн акыл-эстен, абийирден кетип ит болот. Акыры байлык топтоо амалдары тикелей же тымызын монополияга алып келет. Калк керектеген бир өндүрүмдү толугу менен көзөмөлүнө алып, товарын же кызматын каалаган баасына сата баштайт. Бирок заманбап капиталисттик мамлекеттерде бул чексиз алдым-жуттумдуулукка лобби, монополия жана корпоративдик (жамааттык) маданият тууралуу мыйзамдар аркылуу бөгөт коюлган. Демек, атаандаштык, ачыктык, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук сыяктуу принциптерди карманган өндүрүм менен соода экономиканы «мусулмандаштырат» экен. Мындай экономика мусулманчылыгыбыз менен манчыркаган биздин ким экенибизди эске салат. Деги биз кимбиз? Эмесе, муну заманбап экономиканын дүрбүсү менен карай бермекчибиз…

Булак: “Cарасеп.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: