Menu

Өзүн актабаган Кыргыз-Орус фонду

Бөлүшүү:

Чоңураак базарга чыгып, соодасын көбөйткүсү келген чакан же орто ишкана айлантып жаткан каражатынын кандайдыр бир бөлүгүн сууруп чыга албайт. Себеби жабдыктарга же материалдык эмес активдерге жумшалган каражат эң эрте дегенде 5-10 жылда гана өзүн актай баштайт
Фонд эмес банк болуусу керек
Өкүнүчтүүсү учурда Кыргыз-Орус фонду (КОФ) бир жарым жыл ичинде өз ордун таба алган жок. Ал инвестициялык фонд да, өнүктүрүү банкы да боло алган жок. Кыргызстанда банктардын эки түрү гана бар. Салттуу коммерциялык же өнүктүрүү банкы. Бул экөөнүн өз-өзүнчө иштөө аймагы да бар. Бирок кыргыз экономикасын жандантуу үчүн түзүлгөн КОФ ушул эки аймактын ортосуна жайгашканга аракеттенди. Ал чындап келгенде убактысы чектелбеген жана акысыз капиталга ээ болуп алып коммерциялык жана өнүктүрүү банктары менен атаандашкысы келди. Бирок алар КОФтон айырмаланып, акчаны капиталга инвестиция кылбай, насыя беришет. Мисалы биздин экономиканы колдоп аткан Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) менен Эл аралык каржылоо корпорациясы (ЭКК) насыя берет. Мөөнөтү чектелбеген каражаты бар КОФ да акчаны ишканаларга берүүнүн ордуна каражатын насыяга берүүдө. Учурда биздин жеке ишканаларга да, өлкөнүн инфраструктуралык долбоорлоруна да насыясыз колдоо керек. Анткени биздин бардык инфраструктуралык долбоорлор сырттан алынган карыздар менен аткарылууда. Ал Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 60%на жетти.
Капиталга инвестицияны ким сунуштайт?
Кыргызстанда институционалдык инвесторлордун жоктугу эң олуттуу көйгөй. Кандайдыр бир компаниянын жакшы иштеп кетүүсү үчүн капиталына инвестиция кылгандар болуусу шарт. Анткени алар жер, жабдык, имарат салуу сыяктуу иштин орчундуу тарабын каржылайт. Насыянын капиталга салыштырмалуу эки начар тарабы бар. Биринчиси, алынган каражаттын пайызын төлөө, б.а. компания кандай иштегенине карабай, насыянын пайызы төлөнүп турушу керек. Экинчиси, кандай насыя болбосун мөөнөт менен чектелет. Бизде калыптанып калган адатка жараша коммерциялык банктардын насыя берүү мөөнөтү орто эсеп менен 3 жыл. Өнүктүрүү банктары 5 жылдын тегерегинде мөөнөт берет. КОФ банкка айланып, насыяларды 5 же 6 жылга берип баштаса да, муну жетишерлик узак мөөнткө берди деп айта албайбыз. Биздин чакан бизнес орто бизнеске, орто ишканалар ири ишканаларга айланып кетүүсү үчүн 5 жылды бул жакка кой, керек болсо 10-15 жылдык мөөнөткө берилген насыялар жетишсиз болушу мүмкүн. Жалпак тил менен айтканда «узун мөөнөттүү акча» болуп бере албайт.
3 миллион долларлык кредитти ким сиңирет?
Кандайдыр бир ишканага 3 млн. долларлык насыя берүү үчүн ал компаниянын айланып жаткан каражаты 10 млн. доллардан кем болбошу керек. Кыргызстанда мындай 20-30 компания болушу мүмкүн. Тоо-кен өндүрүшүн алып салганда ИДӨгө салым кошкон ишканаларды карасак, алардын 60-70%ы чакан жана орто ишканалар экенин көрөбүз. ЖИАнын изилдөөсү боюнча, биздин ассоциацияга кирген орто ишкана катуу кетсе 1 млн. долларды сиңире алат. Чындап келгенде мындай ишканага 500 000 доллар жетиштүү. Башкача айтканда Кыргыз-Орус фонду 1 млн. доллардан сиңире алган 500 компания табышы керек. 500 ишкана табуу үчүн ар бир орунга 30 талапкер кароосу зарыл. Демек 20-30 кишилик штаты бар КОФ 15 000 ишкананы карап чыгууга милдеттүү. Бирок аларга муну кылуу мүмкүн эмес.
Фонддун стратегиясы башынан туура эмес түзүлгөн. Өкүнүчтүүсү азыркыга чейин ошол бойдон калууда. Фонд инвестиция кылуу босогосун бир компанияга 1 млн. долларга чейин түшүрсө, ар бир компаниянын ишин жеке карап чыгуу үчүн 200 кызматкер жалдоого мажбур. Же болбосо фонддордон турган фондго айланышы керек.
Жан далбастоо ПИАРы
Өз ишмердүүлүгүңдү алынган натыйжа менен көргөзөсүң. Өкүнүчтүүсү бир жарым жылда КОФ натыйжа бере алган жок. Президент жана Өкмөт тарабынан кайра-кайра сынга алынган фонддогулар коомчулукка иш болуп жатканын көргөзүү үчүн ПИАРга каражат жумшоону чечишкен. Менимче бул ишин туура эмес түшүнүүдөн келип чыкты. Анткени инвестициялык фонддордун ишин өлчөгөн бир гана тараза бар. Ал натыйжа. Канча каражат жумшалганы, канча киреше табылганы, канча иш орундары ачылганы жана өлкөнүн ИДӨсүнө канча салым кошкондугу тууралуу маалымат жок болсо, кылынган иш жок дегендик. Түрмөктөлгөн видеороликтерди тартып, карапайым элге «кандай сонун ишкана» дедиртишиңиз мүмкүн, бирок билген адамга баары айдан-ачык болуп жатпайбы. Ушундан улам учурда тетири, минуска кеткен натыйжа бар деп гана айта алабыз.
Капиталга инвестициябы же арзан насыябы?
Биринчиден, кандай болбосун насыянын оор шарты бар, ал сөзсүз күрөө талап кылат. Ошондуктан компаниялардын көбү насыя ала алышпайт. Анткени күрөөгө койгудай кыймылсыз мүлкү жок. Экинчиси, насыяга алынган акча-каражаттын мөөнөтү чектелүү. Тагыраак айтканда, ишкана бүгүн насыя алса, эң кеч дегенде алты айдан кийин аны төлөп баштоосу керек. Эгер чакан же орто ишкана ирирээк базарга чыгып, өндүрүм сатууну көбөйткүсү келсе, бир убак келгенде айлантып жаткан каражатынын кандайдыр бир бөлүгүн сууруп чыгуу ал үчүн мүмкүн болбой баштайт. Анткени жабдыктарга же материалдык эмес активдерге жумшалган каражат эң эрте дегенде 5-10 жылдан кийин гана өзүн актоого өтөт.
Насыя төлөгөндөн көрө бөлүшүү жакшыраак
Инвестор капиталга салым кошкон кезден баштап инвестор менен реципиенттин кызыкчылыктары теңелет. Таза киреше же сатыктан түшкөн каражат көбөйгөндө, же болбосо компаниянын базардагы салмагы оорлошкондо гана инвестор да киреше таба баштайт. Киреше табуунун мындан башка жолу жок. Компания банкир менен алака түзгөндө, ишкана пайыздарды төлөп, негизги карызды азайтса болду. Калганы менен банкирдин иши да жок. Мындан сырткары, банкта күрөөгө коюлган мүлк жатат. Кардар карызын бере албай калса, ал күрөөнү сатып, каражатын толуктап алышы мүмкүн. Инвестордо мындай күрөө болбойт.
Капиталга инвестиция жумшоонун кооптуу жактары
Инвестицияга байланыштуу кооптуу жагдайлардын баары иш билгилик (компетентность) менен акталат. Иш билгилик бир нече соода же өндүрүш иштерин турмушка ашырганда, чекең томуюп, жумшаган каражатыңды кайра кайтара албай калганда пайда болот. Кыргыз-Орус фондунда түз инвестицияларды тартуу, венчурдук же башка фонддордо иштөө тажрыйбасы бар адамдар жок. КОФто иштегендердин көбү банкирлер. Инвестор менен банкирдин ишинде асман менен жердей айырма бар. Балким инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, киреше тапкан тажрыйбалуу кесипкөйлөрдү ачык конкурс аркылуу тандап алышса туура болмок.
Мисалы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде Яндекс интернет издегич менен келишим түзүп, 15 млн. доллар жумшап, 1,5 млрд. доллар тапкан Baring Vostok Capital инвестициялык компаниясы бар.
Умбриэл Темиралиев
Булак: “Сарасеп.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

13 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: