Menu

КСДП “Алга, Кыргызстан” менен “Ак Жолдун” жолундабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда кайсыл бийлик келсе анын партиясы же аны жактаган партиялардын колдоосу менен бийлигин бекемдеп, узартып турууга аракет кылышат. Эсиңерде болсо Аскар Акаев “Алга, Кыргызст ан!” партиясын түзүп ал аркылуу балдарын, туугандарын жана жакын санаалаштарын парламентке алып келип андан аркы иш аракеттерин мыйзамдаштырууга аркет кылган.

Ал ишти кийинки президент Курманбек Бакиев эч өзгөртүүсүз улаган. Азыркы бийликти колдой турган эң биринчи партия бул КСДП. Анткени, бул партиядан президент жана Жогорку Кеңештин төрагасы чыккан. Бийлик же КСДП бири-бирине таянып өзүм билемдик кылып жатабы же жокбу? Бийликчил партияда азыр президенттин туугандары жок, арасында кимиси менен Алмазбек Шаршенович дос экенин так деле билбейбиз. Бирок, жакында эле парламенттеги 16 депутаттын мамлекеттин эсебинен үй алганы тууралуу маалымат тараган. Ал депутаттардын 12си КСДПдан экен.

Акчалуулар басымдуулук кылат.Буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйгө муктажмын дегени көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анткени, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты депутаттык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеп берип салган. Аны кайра мамлекетке берген эмес. Бул албетте КСДПнын кадыр-баркына терс таасирин тийгизет. Акаевдик “Алга, Кыргызстан!”, Бакиевдик “Ак Жол” партияларынан таза, алардай элдин кызыкчылыгына каршы иштебейт деген түшүнүктөрдү аз дагы болсо жокко чыгарат.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: