Menu

Тоолуу Карабакта ок атышуу токтоду

Бөлүшүү:

Азербайжан жана Армения ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабак аймагында азери күчтөрү менен армян жикчилдери ок атышууну токтотту. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматты Ереван колдогон жикчил күчтөр да бышыктады.

Буга чейин Армениянын президенти Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын кабыл ала тургандыгын билдирген. Анын айтымында, согуштук аракеттердин чиелениши бир гана Түштук-Кавказдын эмес, Европа чөлкөмүнүнүн коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Азербайжан болсо, Армения толугу менен аскерлерин чыгарып кеткенде гана ок атууну токтоторун жарыялаган.

Тоолуу Карабакта жаңжал 2-апрелге караган түнү тутанган. БУУ курман болгондордун саны 30дан ашып, жаракат алгандар 200дөн кем эмес экенин кабарлаган.

Шейшембиге караган туну Тоолуу Карабакта кырдаал курч бойдон сакталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: