Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Отунбаева менен Атамбаев 7-апрелде каза болгондорго квартира берип, ишти мурункуча эле алып барды”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, сиз 7-апрель окуясына салым кошкон, андан кийин Убактылуу өкмөттө жогорку даражадагы чиновниктердин бирисиз. Андагы эл үмүтү акталдыбы? Атамбаев бийлиги элди кай жакка алып баратат?
– 7-апрель жалпы элдин чоң жеңиш майрамы болуш керек эле. Тилекке каршы, андай эмес. Жүзгө жакын  балдар “мекенибиз Максимдин энчиси эмес” деп, аянтта баатырларча туруп эркиндикти алып беришти. Бирок алты жыл кийин бул күн Алмазбек Шаршенович түрмөгө камалбай, резиденцияга барып жашап калган күн катары эле белгиленбесе, көзгө көрсөтөрлүк жетишкендиктерибиз жок. Биз бир үй-бүлөнүн бийлигин бир ууч байлардын тобуна алмаштырып ийдик. Тарыхта бул эң коркунучтуу жана элдин кызыкчылыгына каршы  көрүнүш болуп калды. Анткени, азыркылар мамлекеттин келечегин ойлошпойт, мына бүгүн бир пайда көрсөм болду деген эле ой. Жырткычтардын заманы. Латын Америкада жана Африкада мындай режимдерди “компрадор” деп коет. Демократия лозунгдары менен жамынышып, элдин бийлигинин жыты да жок. Мына эмесе, жакында эле баш калаабыздын мэрин шайлаганда, бир да парламенттеги жетекчилер менен кеңешип да койгон жок, бир да суроо берилбестен авторитардык ыкма менен дайындап коюшту. Ошол эле көрүнүш мына азыр Сариевтин тегерегинде болуп турат. Ал киши өзү шайлоого катышпастан эле, эмнегедир бир добуштан премьер болуп бекитилген. Жарым жыл өтө элек, аны дайындаган автор Атамбаев кайра айнып, башка бирөөнү дайындайт экен. Эл менен кеңешпейт, бирок фракция жетекчилери дагы “кыңк” дей алышпайт. Текебаев Акаевтин парламентинде кандай ажылдачу эле. Азыр болсо биздей эле гезиттен маалымат алып, “аа, ошондой чечилген турбайбы” деп отурат. Мындан майда-чүйдө маселелерди айтпай эле коеюн. Ошондуктан, жок, элдик бийлик орной элек. Биз бийликти компрадор-олигархтарга алдырып ийдик. Атамбаев ошолордун башын сылап, “мына элдин өкүлдөрү” деп отурат.
Кече күнү айдан түшкөнсүп Отунбаева “Азаттыкка” интервью бериптир: “Украинада “небесная сотня” деп даңазалай алышты балдарын, бизде болсо каргышка калышты 7-апрелдин баатырлары”- деп таң калат. Эмне үчүн деген суроосуна мындай жооп берет элем: анткени сиз, Алмазбек Шаршенович экөөңөр, 7-апрелдин баасын үй бүлөлңөрүнө квартира таратып кутулдуңар дагы, мурункуча эле ишти алып бардыңар, башка өлкөлөрдө революциянын үзүрүн жалпы эл көрө алды.
Ч. Кутманалиева,
Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: