Menu

Темир Сариев Транспорт министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизди

Бөлүшүү:

Премьер-министр Темир Сариев КР Транспорт министри Аргынбек Малабаевди министрлик кызматтан кетирүү боюнча президент Алмаз Атамбаевге сунуш киргизди. Бул тууралу бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Балыкчы-Корумду жана Бишкек – аэропорт “Манас” жолдорун куруу боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда белгилүү болду.
Буга чейин КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев премьер-министр Темир Сариевди баасы 8 миллиард сом турган аталган тендерлерди өткөрүүдө анын жеке коррупциялык кызыкчылыктары менен айыптаган. “Тендерди октябрда утуп алган «Лонг Хай» компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.»Лонг Хай» компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен «Лонг Хай» компаниясы тендерден миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр «Лонг Хай» компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?», — деп баяндаган КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Ал эми премьер-министр Темир Сариев Транспорт министри Аргынбек Малабаевди ушул эле тендерди мыйзам бузуулар менен өткөргөн деп айыптап, аны кызматтан алууну Алмаз Атамбаевден суранган.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: