Menu

Кубатбек Кожоналиев,коомдук ишмер, юстициянын генералы: “Оппозиционерлерди камоо – бийликке абийир алып келбейт”

Бөлүшүү:

– Кубатбек мырза, “оппозиционерлер бийликти басып алат” деп бийликтин чоочулоосуна негиз барбы?

– Интернетте жарыяланган маалымат боюнча оппозициянын баардык кыймыл-аракети башынан эле УКМКнын көзөмөлүндө болгон экен. Ошон үчүн бийликке “бийлигимди алдырып жиберем” деген кандайдыр бир коркунуч болгон эмес. Коркунуч болсо, алар мындан да башка кадамдарга барышмак.

– Камакка алынган оппозиционерлердин мизи кайтарылып, УКМКнын СИЗОсунан ур тепкиге алынып, сынып калышпайбы?

– Ар бир инсандын башында мындай сыноо болушу мүмкүн. Ал эми бул сыноону ким кандай кабыл алат, аны убакыт көрсөтөт. Ошон үчүн “тигини сындырат, мунусунун мизин кайтарат” деп деп күн мурунтан болгологон болбойт.

– Сиз камакка алынганда СИЗОдон күч колдонулган жок беле?

– Андай пастыкка барышкан эмес. Бирок, моралдык жагынан сындырганга аракет болгон: 4 күн КТРКдан негизсиз “террорист” деп каралап, азыркы омбудсмен Кубат Оторбаев бийликке абдан “кызмат” кылган. Айтпаса  да белгилүү, ошол кездеги бизди “сындырабыз, каралайбыз” деген  аткаминеерлердин өздөрү азыркы күндө ошондой сыноону баштарынан өткөрүп жатышат.

– Юридикалык жактан алганда аудиожазууну негиз кылып камакка алуу акылга сыйбаган иш деп жатышат. Сиз бул боюнча кандай ойдосуз?

– Иш менен таанышмайын так кесе айтуу кыйын: анткени процессуалдык жагынан кандай аракеттерин бекиткени азырынча белгисиз болуп жатат.

-Эки айдан кийин бул саясатчылар “Атамбаев кетсин!” деген сөзү үчүн биротоло кесилип кетпейби?

– Биздин сот системасынан баардыгын күтсө болот: бир тайсалдаган күбөнүн көрсөтмөсү боюнча экс-министр Равшан  Сабировду деле соттоп коюшпадыбы беле. Бу сапар да ошол ыкмасын колдонбойт деген кепилдик жок да. Мен да иш адилеттүү тергелишин, камакка алынган саясатчылар чыгышын, күчкө салынбай баары мыйзам чегинде болушун каалайт элем.

– Бийликтин  оппозиционерлерди аудиожазуу менен жипсиз колу-бутун байлаган аракетинен майнап чыгабы же элдин кыжырын ого бетер кайнатып алышабы?

– Ал нерсенин баары тергөө учурунда табылган далилдерине жараша болот: курулай сөздөр менен айыптаса, алибетте, кыжырлануу болушу толук мүмкүн. Чынында оппозиционерлерди камап, аларга очойгон доомат коюу бийликке абийир алып келбейт.

 

Чынайым Кутманалиева,

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: