Menu

“Атка минерлер, эсиңерге келгиле, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаевага,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Ата-Мекен фракциясынын лидери Ө.Ч.Текебаевге 
ТАЛАП
Урматтуу бийлик өкүлдөрү!

Революция болгону быйыл туура алты жылдын жүзү болду, өкүнүчтүүсү мамлекетибизде ич жылытаарлык эч кандай жылыштар болбоду, кан төгүлдү, кырчындай болгон жигиттерибизден ажырадык, кыргыз элинин келечеги бүдөмүк, биз кимдерди ээрчип, каяка бара жатабыз? деген суроо туулат. Ата-Бейиттен, курман болушкан баатырлардын алдында көзүңөргө толтура жаш алып берген анттыңардан тайдыңарбы, эстеп көргүлөчү кандай ант бергениңерди, “кыргыз элин жыргатабыз, электр энергиясына болгон баалар көтөрүлбөйт, керек болсо бекер беришибиз керек, коррупцияны түп тамырынан бери жулабыз, Акаев, Бакиевтердин бир дагы кадрларын кызматка жолотпойбуз, аларды түрмөгө чиритебиз», койчу деги кайсы бирин айталы, кана ошол берген убадалар. Азыр КТРКны көрүп отурсаң, жалаң эле баягы эле элдин эсебинен байыган коррупционерлер толуп алган. Колуңардан иш келбесе элди эзбей, өзүңөр дагы эзилбей, өз эркиңер менен кызматыңардан эле кетип калсаңар абдан туура болмок, эми Кыргызстанды алты жылда оңдобогонуңар, эми алты айда эмнени кыйратканы жатасыңар? Күн алыс улам бирөөңөр “экономикабыз укмуш оңолуп жатат, коңшу мамлекеттерден алда канча алдыга чыгып кеттик” деп айткандан уялсаңар боло, туура балким өзүңөрдөн үй-бүлөөлүк бюджетиңер, чөнтөгүңөр толуп, өнүгуп-өсүп жаткандыр… Дагы бир жолу баса айтсак, колуңардан иш келбесе, бийликти оппозициягабы же иштеген адамдарга өткөрүп берүүңөрдү талап кылабыз. Ал эми кыргыз элим, жерим деген биздин жердешибиз -патриот жигиттерибиздин бири Кубанычбек Кадыровду мыйзамсыз камакка алып, саясий куугунтук кылганыңарды ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!!! Керек болсо так ушул Кубанычбек, Атамбаевди бийлике алып келгендердин бири, так ушул Кубанычбек, далай жолу бакиевтердин “провокаторлорунан” биргеликте куткарып жүргөн, Ал эми 2009-жылы Текебаевди бакиевтер Ак-Суудан РОВДнын алдынан, “таш бараңга алып өлтүрөбүз” деп жатканда, биз забордон секиртип, бир кашарга алып барып, аман алып калбадык беле, кана ошол күндөр, бүгүн болсо биз абдан урматтап сыйлаган Өмүрбек Чиркешович “лям» деп оозун ачпай отурганына жол болсун демекчибиз, унутуп калса биз эскертип коелу деп жатабыз.
Текебаев калыстыктан тайды, андан кайрат качты, ал сынды, бийликтин курмандыгы болду. Азыр болсо булар “кайдан көрдүм, кара эшекти” деген ойдо болуп жатышса керек, андай болбойт. “Элдин көзү көрөгөч” деп коет кыргызда. Ал эми Баш прокурор И.Жолдубаевадан мыйзамдуулукту ТАЛАП КЫЛАБЫЗ. А.Жээнбековдон эл өкүлү болгондон кийин калыстыкты, эл үчүн кызмат кылуусун ТАЛАП КЫЛАБЫЗ. бийлик өкүлдөрү! Эртеңки келечегиңерди ойлогула!
Кубанычбек Кадыровду мыйзамсыз камакка алып, саясий куугунтук кылганыңарды ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!!! Арты жакшылык менен бүтпөөрүн эскертип айтып коюу биздин атуулдук милдет.
Ысык-Көл облсунун Ак –Суу районун жаштарынын атынан: Кайырбек Э, А.Акматов, Т.Коңурбаев, А.Усубалиев, А.Намазбаев, У.Бадаев, А.Жайыков, А.Усубалиева, М.Мырзабаев, Б.Дүйшөбаев
 Булак:  “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: