Menu

“Эшегине жараша тушагы”

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин ичинде бийлик башындагыларга, өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарына нааразычылык арбын айтылып, “кечээ берген убадасынан тайып кетишти”, “элди ойлобой калышты”,- деген тейдеги бутүмдөр ар убак айтылып келет. 

А бирок, маселенин экинчи жагы да бар: анда эмнеге кечээ шайлоодо эл өзү буларды колдоп, бийликке эгедер кылып коюшту? Азыр парламентте олтурган айрым партия лидерлери тар чөйрөдө ачык эле, “ээ элиң айта берет да, мен каалаганымды кылам, анткени, алардын добушун сатып алгам, кийинкиге келгенде да кайда бармак эле, шайлайт, акча турат го”,- деп бекеринен төшүн каккылабайт да. 27-мартта жүз берген айрым жергиликтүү кеңеш шайлоолору да дал ушул көрүнүшкө жык толду. Парламенттик шайлоодо оозу күйгөн шайлоочу журтту акылына келди десек, жок, кайра эле келечегин акчага сатып, кайдыгерлигин, принциби жоктугун көрсөтүштү. Каңырыгың түтөйт.

Сатыла берип, эмнең калды?

Былтыркы парламенттик жарыштан кийин “Азаттык” партиясынан ат салышкан Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Бөдөш Мамырова каңырыгы түтөт, мындай баа берди эле: “Эл негизинен сатылды. Баары айтып атат, мурда эл добушун бийлик кыстап, кол алдында иштегендерди жетекчилери алып барып,кайсы бир партияга добуш бердиртсе, бул сапар добуш ачык эле сатыкка түштү. Бирок, көзүбүз менен көрүп турганды да далилдеш кыйын болуп турат. Биринчиден, элдин ушундай деңгээлге жетип, добушун баалап, акчага сатышы ойго келбеген нерсе болчу. Мисалы мен үчүн элди ушундай дегредацияга жеткиргендик күтүлбөстүк болду. Карап көргүлө, парламентке акчалуулар, анан бийликтин партиясы келди. Бул шайлоонун базарга айланганынын ачык далили. Мейли эми, бул да болсо элдин тандоосу. Эл эгер акчалуулар парламентке барышы керек деп чечсе, акчалууларды тандаса, эл бийлигине эмне демек элек. Жарыштан алдыга озуп чыккандарга ийгилик каалайм. Бирок, элди ыраазы кылып келдик, “алар добушун сатты, биз сатып алдык” дебей, парламенттик трибунасында болобу, залда, микрофон алдындабы, орчундуу маселелерде эл өкүлдөрү экенин унутпай, элдин кызыкчылыгына иштешсе дейт элем”.

27-мартта Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына “Аалам – партиясыздардын партиясы” аркылуу ат салышып, жарышка чыккандардын ичинен эл менен эң көп жолугушкан ЖКнын экс-депутаты Жылдыз Жолдошова мындай дейт: “Бул шайлоо шайлоо эмес эле, ыплас базар болду. Тунгуч президент Аскар Акаевдин  “талапкерлердин акчасын алып, тамагын жей бергиле” деп таштап кеткен урааны элге абдан жакшы сиңиптир. Ушул ууран, жаман илдет өлкөнү талкалабаса болду. Кыргызстанда Аскар Акаевден кийин үч президент алмашты. Бирок, Акаевдин ошол ураанын андан кийин келген үч президент да жокко чыгара албай, тескерисинче, ыплас саясаттагы ордун күчөттү. Ал тургай айрым саясий партиялар ал ураанды “өнүктүрүүгө” чоң салым кошушту. Мындай кадам, ыплас көрүнүш мамлекеттүүлүктүн келечегине кедергисин тийгизет. Бул демек, акча менен карапайым элди алдап, каалагандай калчаса боло берет дегенди туюндурат да. Элиме кайрылат элем, ойлон, ойгон, патриот болсоң добушуңду сатпа, мамлекеттүүлүк жөнүндө ойлон..”.

Жогоруда кыргыз саясатындагы чыныгы патриоттук деми, күч-кубаты менен суурулуп чыккан аялзатынын мыкты өкүлдөрүнүн жүрөктөн чыккан баасына кошулбаска арга жок. Оштогу шайлоо өзгөчө кепке арзыйт. Анткени, дал ушул шаардын элинен бут республика өзгөчө акыйкаттуу шайлоону күткөн. Бирок, оштук туугандардын акчага келечегин кантип сатып ийгенин карап турган башка аймак өкүлдөрү шарт бурулушту да, жерге “чийт” түкүрүшүп, “рас болот, өздөрүнүн балдарын эмнеге эле бийлик бирден кармап сындырып атат десе, эл ошондой турбайбы, эми мунусун көргөн кайсы эр азамат ушуларга күйүп-бышып, кыйынчылыгында турат”,- дешти. Мындай сөздү азыр көп жерден укса болот. “Бийлик таза шайлоону камсыздай алган жок, административдик ресурс колдонулду”,- дегендери жөн эле шылтоо экен. Маселе элдин өзүнүн келечегине келгенде көңүлкош болуп койгонунда, колундагы баласы, небересинин келечегин жарты тыйынга сатып олтурганында болуп жатпайбы.

Ошту да КСДП жана анын “клон” партиялары ээледи

Шайлоонун жыйынтыгында КСДП (президенттик партия) –  30.61%, “Кыргызстан” партиясы (Канатбек Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов) – 15.73%, “Мекеним Кыргызстан” – 11.89%, “Республика – Ата-Журт” – 9.74% (Ө.Бабанов) , “Бир Бол” (А.Сулайманов) – 8.52%, “Өнүгүү”-Прогресс” (Б.Төрөбаев) – 8.08% добуш алышып, мандатка илинди.

Ошол эле учурда Оштун экс-мэри М.Мырзакматов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А.Мадумаров, ЖКнын экс-спикери А.Келдибеков сүрөгөн К.Ташиевдин “Ата-Журт” партиясынын көч артында калганы эксперттердин да оозун ачырды. Анткени, жогоруда аты аталган адамдар Ош элине эбегейсиз кызмат кылган. Башкасын айтпаганда да, 2010-жылкы түштүктөгү кандуу окуялар учурунда мына ушул адамдар убактылуу бийликтин алсыздыгына, коркоктугуна чыдап карап турбастан, Ошко барып, өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, кыргынды токтотподу беле! Бул жагынана алып караганда, Ош элине ошол эле Жылдыз Жолдошова жакын болчу, мейлик беркилерди колдобосо да, баатыр эжебиздин кан күйгөн жерге барып, чындыкты жайылтып, документалдуу кино тартканын кантип унутушат кокуй!

Мелис Мырзакматов Ошту борбордук бийлик өзү каалагандай калчагысы келген убакта катуу туруп, кармашып, кызматын сактап, кандуу калабадан кийин кыйраган шаарды аз убакта калыбына келтирип, айтор, канын да, жанын да берүүгө даяр жигит экенин кимдер билбейт! Мына ошол элинин кызыкчылыгын ойлоп, шаардагы автотыгынды азайтуу максатында кыргыз тарыхындагы биринчи эстакадалык көпүрө долбоорун баштап, бул максаты аздап ишке аша баштаганда кылмыш ишин козгошту, арк андай кутум уюштуруп, кызматтан алышты. Анан камаганы калганда качууга аргасыз болду. Ошол көпүрө долбоору элге керек болбосо эмнеге бийлик улантып, “мына, Мырзакматов жасай албаганды биз жасадык, андан аз акча кетти!”- деп мактанат! Ушунун өзүнөн эле, “эгер Мырзакматов ушу көпүрөнү куруп алса эл ичиндеги даражасы огобетер өсөт, андан кийин ага күчүбүз жетпей калат, андан көрө боло элегинде жайлайлы”,- деген дамамат бузуку план ишке ашканы көрүнүп турбайбы. Бийликке Мырзакматовдун бетке айткан ачыктыгы, жүрөгү “элим” деп согуп турганы, а элге кыянат кылгандарга каршы ачуу пикир айта билгени жакчу эмес. Акыры анын да ыгын таап, качырып тынды. Мында эл эмнеге ооз ачып койгон жок. Эч болбосо бийликтин өз уулуна жасаган таш боордугуна жооп кылып, бу шайлоодо чындык үчүн турат эле го. Коркок эл экенбиз, кайрале бийлик партиясын биринчиге чыгардык, ага арданыштын эмне кереги бар?!

“Кыргызстандын тагдыры элдин пейлине жараша болот. Эгерде байлыктын артынан кете турган болсо, анда эч ким байлыктын түбүнө жеткен эмес. Жок, биз руханий, улуттук кызыкчылык керек десе, анда башка чечим болот”,- деп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровпарламенттик жарыштан кийин айткан. Анын бул сөзүндө укмуштуудай деле философия, акылдуулук жок. Жөнөкөй, бирок уккан адамдын жандүйнөсүн аңтарып жибере турган кеп. Оштун эли ушуну да түшүнгөн жок. Мадумаров Ошко “шайлоо экен” деп басып барбаса да, ушу түштүк борборунун элинен реалдуу, калыс, адилет аракетти күткөнүн жашырбады. Жыйынтыгы эмне болгонун көрдүк го. Эми Адахан Кимсанбаевичтин сөзүнө келе турган болсок, Оштун элин эмне күтөт? Эл байлыктын артынан кетти сатылып. Демек, кийин да сатыла береби? Анткени байлыктын түбүнө жетип болобу?

Ошто кандуу каргаша башталганда Ахматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясынын түштүктөгү штабында олтурган. Башкача айтканда, куралчан бузукулардын курчоосунда калган. Ошого карабастан тынчтыкты орнотууга бүт күч-аракетин жумшаган. Ушу улут аралык араздашуу жаралаарга 3-4 күн калганда К.Ташиев экөөнүн демилгеси менен “Ата-Журт” бийликке кайрылып, К.Батыров баштаган сеператисттер жергиликтүү өзбек тилдүү телеканалдар аркылуу элди козутуп жатканын, аларга токтоосуз чара көрүлбөсө, Ош окуясы кайталанып кетишин талап кылган эле. Бийлик буга көңүл бурбагандыктан, чон чатак чыгып, жүздөгөн адамдар бөөдө өлүм тапты. А.Келдибеков Оштогу шайлоонун алдында да, “Ата Журттун өз алдынча баратканы жакшы жөрөлгө” деп абдан сүйүнгөн эле. Бирок… А.Келдибеков Ошко гана эмес, бүт республикага эмгеги сиңген мыкты патриот инсан. Анын “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы элдик позициясы карьерасында чоң кыйынчылык жаратты. Бийлик болбон шылтоо таап, камап салды. Анан соттоду. Бир да далилин так коё алышпаса да, айып пул сыяктуу нерселерди салган болушту. Мунун бир гана максаты бар – эптеп Келдибековду “соттолгон” кылып, саясаттагы жолуна бут тосуу. Мына эми, Оштун элинин абийири, ар-намысы болсо, алар үчүн канча азап тартса да “элим мененмин! Элимден колуңду тарт бийлик!- деген Ахмат уулу үчүн добуш берет эле да!

Же Камчыбек Ташиевдин Ош элине жасаган опол тоодой эмгегин кантин унутушту? Азыркыга чейин Камчыны көргөндө көздөн жаш алып, “биздин баатыр бара келатат”,- деп көз жашын тыя албаган энелерди көрүп жүрөбүз го. Бул саясатчынын башкалардан эн чоң айырмачылыгы – элдин башына апаат түшсө, каргаша келсе, карап тура албайт, дароо эле аралашып кетет. Өз өмүрүн деги эле ойлобойт, элдин эртеңи үчүн андан баш тартып койчу жигит. Ошол сыяктуу Ошто кан аккан кезде да карап турбастан, тынчтыкты орнотууга абдан зор иш жасады, б.а. бир да азыр Ош эли шайлоодо колдогон партия лидерлери басып келе албаса, Камчыке баатырларча элди ынтымакка үндөп жүргөн. Андагыны өзү минтип эскерет: Ош окуясы башталган күндөрдөн тартып анын канат жайып, от бүркүп бүт түштүк аймагыбызды кантип каптап кеткенин мен өз көзүм менен көрүп, аралашып, кайгы-капасын жүрөгүмдөн өткөрдүм. Окуя 10-июнь күнү түндө башталып, Оштун борбордук көчөлөрүнө чогулган өзбек улутундагы куралданган жаштар улутчул сепаратисттердин тукуруусу менен кыргыздарга кыргын салып, адамдын үрөйүн учурган мыкаачылыктарга, айбан жасабаган жырткычтык иштерге барышкан. 11-июнь күнү ошол кезде-биздин партиянын иши менен Ошто жүргөн азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен байланышсак, ал дал ошол кагылышкан каргашанын чордонунда экен. Ал телефондон куралданган улутчул өзбек сепаратисттери кыргыздарды аёсуз аткылап, кыздарды кордоп, шаардан сүрүп чыгарып жатканын, тез арада жетип келип, элге баш-көз болгула, бул апааттын алдын алып токтотуу керек деди. Биз Садыр Жапаров экөөбүз Бишкектен жөнөп, түнү менен жол жүрүп таңга жуук Ошко Фуркат айылына кирдик. Он миңдеген кыргыздар шаарга кире албай турушуптур. Биз чогулган эл менен туш-тараптан атылган окторго карабай шаардын борборун көздөй сүрүлүп жөнөдүк. Шаарда расмий бийликтин аты-жыты билинбейт. Баары качып-тозуп же солдаттарга өздөрүн курчатып алып коркуп чыга алышпай жашынып жатышыптыр. Көчөдө куралчан сепаратисттер өз билгендерин жасап жүрүшөт. Биз аларга колубузга көтөргөн таяк, кетмен-күрөктөрүбүз менен каршы туруп, мизин кайтардык. Ошол күнү түштөн кийин өзбек сепаратисттери жеңилгендерин моюндарына алышып, карапайым эл менен кошо Өзбекстандын чек арасын көздөй качып жөнөштү. Жүздөгөн бейкүнөө адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөнүп-күйүп жатты. Адамдардын жүрөгүндө жууп кеткис кара так калды”.

Кийин, Жалал-Абадда кыргыз-өзбек кыргынын токтотот. Андан барып “Санпа” жергесиндеги өткөн-кеткен унааларды атып, канчасын өлтүргөн айбандарга барып, багынып берүүгө жол ачат.

К.Ташиев эл үчүн камакка алынып чыкты. Сынган жок. Азыр да бийликке сын айткандан тажабай, оппозиционер атын өчүрбөй келе жатат. Уулун сыйласа, келечегин ойлосо, Ош эли биринчи учурда “Ата-Журт” партиясын колдомок. “Кечээкисин унуткан элдин эртеңкиси болбойт”,- деп ата-бабаларыбыз айтып келет. Бирок…

Оштуктар анда кимди шайлады?

Ошентип, айрым шайлоочулардын айтымында, Оштогу шайлоодо 1 добуш 1,500-2000 сомго сатылды. БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов “эгерде добуштарды сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары тастыкталса, ал партия мандат алуудан четтетилет”- деген эле. Мына ушундай арам аракеттер тастыкталып, атүгүл ага катышкан адамдар кармалганына карабастан, БШК негедир тымпыйып, унчукпайт. Айтор, бу добуш сатып алуу көндүм көрүнүшкө айланды, ага азыркы заманда эч ким деле терикпейт. Талапкерлердин айтымында, алар үгүт иштери менен барышса, элдин биринчи суроосу:  “алдыңарда баланча келип кетти, силер канча бересиңер, көбүрөөк болсо силерди шайлайлы”,- болот. “Ушундан улам, шайлоо алдында атайын программа жазып, аны элге барып түшүндүрүп олтуруунун кереги жок болуп калыптыр. Андан көрө шайлоо күнүнө эки күн калганда акчаңды таркатып чыксаң жеңиш сеники экен. Элден көңүлүм ушунчалык калды. Кыргыз качан ушинтип ачык сатылчу эле”,- деди атын атагысы келбеген талапкер.Ошондо Ош эли кимге алданды? Тагыраагы кимдердин акчасына өз келечегин сатты?

Биринчи орунду ээлеген КСДП – президенттик партия. Анын эмне себептен марага биринчи болуп жетип келгенин айтпасак деле түшүнүп турасыз, оболу бул административдик ресурстун пайдаланышы. Анын үстүнө КСДПнын катарында Оштогу бардык байлар бар. Буларды эмнеге кошту? Албетте, акча жагынан баарынан биринчи болуш үчүн. Бу партиянын Ошко кылган жакшы ишин ким эстей алат? Же аталган партиянын парламенттеги фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өңдүүлөр баягы Бишкек ликер-арак заводун итбекер сатып алышкан сымал, түштүк борбордун көрүнүктүү жерлерин да “пулдаганы” калыштыбы?

Экинчи орундагы “Кыргызстан” партиясынын “бийлик партиясынын клону” экенин кимдер гана билбейт. Оштун элинен кабарчыларыбыз барып, “Канат Исаевди тааныйсызбы?”, “Шаршенбек Абдыкеримов ким?”- десе ондун бири гана депутат экенин айта алышкан. Калган тогузунун кабары жок. Качан гана “Кыргызстан” партиясынын лидерлери экенин айтканда, “аа ушулар беле?”- деп таң калышкан. Лидерин тааныбай анда кантип шайлашты? Же айткылачы, Канат Исаев менен Шаки Оштун эли үчүн ким? Же ушулар М.Мырзакматов, К.Ташиевден да чоң салым кошту беле Оштун өнүгүүсүнө? Мына бул жөнөкөй суроодон эле “Кыргызстан” эмнеге өткөнүн байкасак болот.

Үчүнчү орундагы “Мекеним Кыргызстан” деген партиянын өзөгүн негизинен ишкерлер жана кечээки мэр Мырзакматовду сатып кеткенден түзүптүр.

Төртүнчү орунду алган “Республика – Ата Журт” партиясы да акчалуу, бай-манаптуу уюм. Өмүрбек Бабанов элге азыр чачып жаткан акчаларды кандай жолдор менен тапканы прессада буга чейин байма-бай жазылды. Бирок Бабановдун Ошко бир күйгөнүн көргөнсүзбү? Бул чала жеңиш Бабановго бийлик менен соодалашуу үчүн эле керек? Жалпы бардык аймактардан шайлоолордо болгон-болбогон мандаттарга илиниптир. Ошентсе да, “көрдүңөрбү, менин бардык аймактарда кадыр-баркым чоң”,- деп президенттик шайлоонун алдында коомчулуктун, бийликтин көңүлүн алгысы келет. Бул жалган атак үчүн Бабанов миллиондогон сомдорун жумшады. Акчасы көп бай-манап үчүн бул бир жумалык эле чыгымы болсо керек.

Бешинчи орунду ээлеген “Бир бол” партиясынын гана Ошто өзү топтогон добушуна карата салмагы бар. Анткени, лидери Алтынбек Сулайманов бу шаарга күйүп-бышкан кези болгон. Ошентсе да, эгерде бийликтен бата албаганда, шаардык кеңешке кирери күмөн болчу.

Алтынчы болуп араң илешкен “Өнүгүү-Прогресс” партиясында “клон” болгону үчүн кулагынан жетелеп киргизип коюшту. Буларда да акча саман тура, учу-кыйыры түгөнбөйт. Аны кайдан алганын иликтөө боюнча сунуштар парламенттик шайлоодо арбын айтылды. Бирок эч ким кызыгып койбоду. “Бакиевдер каржылап атат”,- деген да сөз чыккан, бирок буга партия деле жооп бербеди. Ошол эле учурда партлидер Бакыт Төрөбаевди эки жыл мурда оштуктар “чыккынчы” деп атышпады беле? Эгер билсеңиздер, Мырзакматов мэрликтен алынганда Ошто он миңдеген адамдардын колдоо митинги болуп өткөн. Мына ошонун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев эл көзүнчө Мырзакматов менен кол алышып, “Улуттар биримдиги” менен “Өнүгүү” мындан ары чогуу болорун жар салган. Чепкен кийип, кучакташып сүрөткөн түшкөндөрү да эсте. Анан эле Мырзакматов кайра мэрликке шайланбай, үстүнөн кылмыш иши козголуп, “ана камалат, мына кармалат” деп турушканда Бакыт Төрөбаев жердин астына кирип кеткенби, дымы чыкпай калды. Көп өтпөй “Улуттар биримдиги” менен ажырашканын айтып чыгышты. Мына ушул окуядан кийин Бакытты “сөзүндө турбаган куу жигит тура”,- дешип, оштуктар аябай жаман көрүп калган эле. Эми ошону унутуп, Бакыттын партиясын шайлап олтурушат.

Соңку сөз ордуна

Жыйынтыгында Оштун эли “эшегине жараша тушагы” дегендей парламентке ээ болду. Бул алдыдагы 4 жылда эл жеңишке жеткен партиялардын бирине да барып, “менин көйгөйүмдү көтөр” деп даттана албайт. Анткени, антип айткыдай аларды чын жүрөгү менен шайлаган эмес. Коркконунан же акчага муктаждыгынан шайлап берген. А негизи, бул макаланы жазган себебибиз, башка журтка да сабак болсун!

Айланайым элим, деги сатылганды качан токтотосуң! Качанкыга чейин өз добушуңду сатып, кор турмушта жашайсың?! Көзүңдү ач! Кыргызстандын абалы оор. Ага ушинтип добушун саткан ар бир жаран да күнөөлүү!

ЦИТАТА

Акмарал Сатинбаева, КСДП партиясынын талапкери:

– Менин оюмча бул шайлоо өтө таза эмес өттү. Мыйзам бузуунун баары сыртта болду. Шайлоо күнү бардык көзөмөлдөчү органдардын өкүлдөрү участкаларда болушкан. Алар акча тараткандар, өз шайлоочуларын тизмелеген партиянын өкүлдөрү менен аралашып эле жүрүшкөн. Сатып алуулар ачык эле жүргөн. Ал эми бул иштерге укук коргоо органдарынын көз жумганына таң калдым. Шайлоочулар үгүт кезинде “колдойбуз” дегени менен, шайлоо күнү өзүбүз ишенип, “добуш берет” деген шайлоочуларыбыз да добушун сатып, башка партияны шайлап жиберишти. Адамдары унаа менен ташып келип шайлатып жатышты. Добуштар “ким көп акча берсе, ошол партияны шайлайбыз” деген ауционго айланды. Шайлоодо адамдар партия сунуштаган программаны, эртеңки келечекти ойлоп да коюшпайт экен.

Руслан Ташанов, “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын Оштогу өкүлү:

– Биздин коалиция шаардын 73 участкасына 300гө жакын байкоочулары менен шайлоо жараянына байкоо салган. Добуш сатып алуу жана шайлоочуларды топ тобу менен ташыган партияларды көрдүк, бирок эч кимге билдире албадык. Себеби бизде мыйзам бузуу фактысын сүрөт, видеого тартып укук коргоо органдарына кайрылуу укугубуз жок. Добуш сатып алуу шаардыктарга көнүмүш адатка айланып баратат. Биз дагы сатып алууларга каршы ар кандай акцияларды улантабыз. Бул багытта шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүн, укук коргоо органдарына кайрылып, олуттуу чара көрүүнү талап кылабыз.

Медербек Сатыев, Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер:

– Акыйкаттыктын карааны да көрүнбөдү. Мыйзамсыздык орноду. Добуш сатып алып аткандарды кармап атышты. Кармаган эч нерсе эмес, эми бул иш аягына чыгабы, добуш сатып алгандар тиешелүү жазасын алышабы, кеп ошондо. Бул сапар жазасын алышса, келерки шайлоолорго алып барчу жолду бир топ тазалаган болоор элек. Бир нерсени айтайын, Манас-Ата шайлоо аймагында “ата-журчуларды” колдогондор көп. Илгертен бул аймак “ата-журчулардыкы” болуп келатат. Бирок, ушул 3 миң 52 шайлоочусу бар аймактан “Ата Журт” партиясы болгону 160 добуш топтоду. Буга ким ишенет? Эл нааразы болуп, “биз “Ата Журтту” колдогон элек” деп атышат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: