Menu

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Атамбаев бийликти “варвардык” жол менен басып алган”

Бөлүшүү:

-Төлөгөн мырза, кечээ, 6-апрелде сиздердин эң жакын сыймыктанган адамыңыздар Алмаз Атамбаев, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга кол коюп, 7-апрель жумуш эмес, майрам күнү деп белгиледи. Таласта майрамдык маанай кандай, тост көтөрүп, токчулук болуп, жыргал заманга жеткениңиздер үчүн ура-ура-а болуп жатасыздарбы?
-Кайдагы майрам, карындашым, азыр үйүмдө жер казуудамын. “Жаз жарыш, күз күрөш” дейт эмеспи, майрамдаган жокмун, майрамдаган уят го. Кантип майрамдайсың, бир нерсени жыргаттыкпы? Атамбаев болсо күндөн-күнгө артка кетип жатат.
Сизди эч ким револиционер катары майрамдаганга чакырган жокпу?
– Мени официалдуу түрдө Талас облустук администрациясы жана Кара-Буура районуна чакырды, эмнеге барам ал жакка. Атамбаевдин айткан убадаларынын бири дагы орундалбаса, кайсы бетим менен майрам деп кол чаап, жылмаңдап отурамын.
-Дегеле, Атамбаевдин бийликке алып келгендердин бирисиз, мамлекет башчысынын жүргүзүп жаткан саясаты жагабы же жакпайбы?
-Алмаз Шаршеновичтин жүргүзүп жаткан саясатынын бири да жакпайт, кыжырым эле келет. Мен сага бир “секретти” айтайынбы, 2009-жылы президенттик шайлоо болуп бул киши бойкот жарыялап тизмеден чыккан. Ошондо Атамбаев, “мени колдоп, “командаңарды” бузбай, шерине уюштуруп, жолугуп тургула” деп, Таласка ай сайын 10 000 (он миң) сомдон акча жөнөтүп турчу. Ошондо биз Бакиевдердерге каршы 1941-45-жылдардагы партизандардай эле Атамбаевге кызмат кылып бергенбиз. Бул чындык. Тилекке каршы, ошол кездеги Атамбаевдин “мамлекетти оңдойбуз, элге кызмат кылабыз” деп айткан сөздөрүнүн бири дагы ишке ашпай калды. 2010-жылдагы революцияга чейин башканы айтчу, андан кийин такыр башканы сүйлөп туруп алды. Дагы бир нерсени айтып кетейин, Алмаз Шаршеновичтин эң жакын адамы Талас облусу боюнча СДПК партиясынын тескөөчүсү Асылбек Найзабеков деген болгон. Ошол баланын Атамбаевдин бийликке келишине эмгеги аябай сиңген. Бакиевдин системасына каршы каттуу иштеген. Ушул таптарда бул баланын жүрөгү ооруп жатып калды. Атамбаевдин бул киши менен азыр иши дагы жок, ушул адам кандай адам болсун, жок дегенде келип ал-ахыбалын сурап койбойт беле? Бир гана “оорунун кадырын оорукчан жан билет” дегендей Болот Шерниязов барыптыр.
-Ал адамдын жүрөгүн Атамбаев оорутуптурбу, кандайча?
-Карасаңыз, Атамбаев үчүн ал бала көп запкыны жеди. 1989-жылдан бери Атамбаевдин жанында жүргөн адам. Атамбаев 20 жыл оппозицияда жүрсө, ал киши дагы ушул кишинин жанында жүргөн. Бирок пенде катары Асылбектин абалын сурап койгонго жараган жок.
-Дагы бир жүрөктү өйүгөн бир суроо. 2010-жылдагы каргашалуу кандуу окуя Талас облусунан башталды. Генерал Молдомуса Конгантиевдин “сабалышы” боюнча чет өлкөлүк басылмалар катуу сынга алды. Ошол эле убакта 1941-45-жылдардагы согушту эске салсак, немистер дагы колго түшүп калган жогорку чиндеги адамдарга бизчелик, “одоно” мамиле кылган эмес. Дегеле Молдомуса Конгантиевдин ур-тепкиге алынышына Талас элинин жараны, Кыргыз элинин патриоту катары кандай баа бересиз?
-Ошол күндү ойлосом, кадимкидей жүрөгүм ачышат. Молдомуса Конгантиев, чын эле өз кесибинин мыкты адиси экенин баары эле билип калбадыбы? Бул кишиге менин колум дагы тийген эмесмин. Болуп өткөн окуяга ичим ачышат, ачышканда дагы катуу ачышат. Көпчүлүктү тыя албайт экенсиң…
-Мына эми кимдин ким-экенин түшүндүңүздөр. Апрель баатыры катары айтсаңыз,  электр энергиясынын тарифи деп шылтоолоп кан менен бийликке жетти жеткендер. Кээде ушул бийликти бийликке алып келгениңиз үчүн, “башыңызды мыкчыган” күндөр болдубу?
-Ооба, башымды мыкчыйм да, уяламын. Жасаган жумуштарың үчүн уялат экенсиң. Мен, Атамбаев жасаган жолду башкача даңгыр жол менен элестеткенмин. Эми карасаңыз, бүгүнкү күндү “кызыл дата” менен белгилеп койду. Бул уят. Дагы бир нерсени мисал келтирейин. Анда мен СДПК партиясынын тескөөчүсү болчум. Атамбаев бизге келип Кара-Бууралык боломун десе, мен ишенип ошентип пропаганда  кылганмын. Азыр мага жердештерим, “Ай Төлөгөн биздин тууганыбыз кандай жүрөт?” деп тийишип, сурап калат.   Эми чын эле уяламын, башты жерге саламын…Бул дагы кетет.
-Төлөгөн мырза, бүгүн майрам. Бул бийлик келээри менен бир жылдын ичинде кандуу каргашалу окуя эки жолу катталды.Тактай кетсек, апрель жана июнь окуялары. Демек, бул бийликтин өкүлдөрүнүн моралдык жактан мамлекет башкарганга акысы бар беле?
-Мен сиздин сурооңузга тарыхты эске алып мисал келтирейин. Тарыхта “варварлар” деген сөз бар. Ошондо азыркы биздин бийлик, “варвардык” жол менен бийликти басып алды. Ошондуктан булардын мамлекетти башкарганга такыр укугу жок.
-Сиз өзүңүздү баатырмын деп эсептейсизби?
-Мен өзүмдү баатыр деп эсептейбемин, кыргыздын патриотумун деп эсептеймин.
-Апрель баатыры төш белгисин алгансызбы?
-Өзүңүз ойлосоңуз, мен ошол мезгилде СДПКнын тескөөчүсү, Атамбаевдин ишенген кишиси болуп атсам төш белги берген. Баатырлыкты Россияда жүргөндөр, үйүндө жаткандар деле алган.
-Төш белгини сыймыктанып тагасызбы же такпайсызбы?
-Мурун такчумун, азыр такпаймын.
-Мына кечээ жакында эле Атамбаевдин эң жакын кишилери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов камакка алынды…
-Атамбаев, Кубанычбек Кадыровду камаганы такыр туура эмес. Алмаз Шаршеновичдин чын эле бул кылганы туура эмес, кандай болгон күндө дагы Кубанычбек Кадыровду камабашы керек эле. Бул “суу ичкен кудукка түкүргөндүк”. Хан деген кечиримдүү болушу керек, бир адамды жөндөп, ымалага келбеген адамдан жакшылык күтпөш керек.
-Акыркы суроо, Атамбаев оппозицияда жүргөндө “команданы” сактап калыш үчүн 10 000(он миң) сомдон берип турчу экен. Азыр кандай болгон күндө дагы Алмаз Шершенович КР Президенти, сыр болбосо азыр сиздерге канча сомдон акча берип турат?
-Карындашым, кайдагы акча, акча жо-ок. Жок дегенде, Атамбаевге жазган кайрылуумду кабыл алып койсо болот эле го, кайрылуумду кабыл албай жатпайбы?
Алмаз Шаршеновичдин убактысы болбой жаткан го. Маегиңизге рахмат…
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: