Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Бүгүн 7-апрель революциясынын жемиштерин уурдагандардын майрамы болду”

Бөлүшүү:

“Биз 2009-2010-жылдары Бакиевдик режимге каршы күрөшкөнүбүздө Бакиевди кетирсек эле Кыргызстанга жыргал заман келет деп ишенгенбиз. Атамбаевди, Отунбаеваны, Сариевди өзүбүздүн балдар, Бакиевге караганда билимдүү, алдыңкы көз караштагы кишилер деп ойлогонбуз. Көрсө булар деле көкүрөгү караңгы, өздөрүнүн чөнтөгүн, жыргал жашоосун гана ойлогон көр пенделердин бири экен”, – деп билдирди бүгүн, 7-апрелде Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.
“Мамлекетти башкаруу жагынан Атамбаев, Отунбаева, Сариевдер Бакиевге караганда өздөрүнүн билимсиздигин, чабалдыгын көрсөтүштү. Бакиевдин учурунда светтин баасы 1 сом 50 тыйын болсо Атамбаев менен Сариевдин тушунда светтин баасы 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү. Атамбаевдин деле Сейит менен Сейтек деген балдары электр сатуу боюнча ортомчулук кылып, “Автомаш-энерго” деген эң ири компания иштетип, бизнес жасап акчага туйтунуп жатышканын гезиттердин баары жазып жатышат. Ушул үчөөсүнүн тушунда саясый стабилдүүлүк такыр орнобой койду. Эң башында эле 2010-жылы Оштогу июнь, Бишкектеги Маевка окуяларынан ондогон жазыксыз кишилер өлтүрүлдү. Эми болсо журналисттер сабалып, оппозиция куугунтукталып жатат. Экономикабыз сазга батып, бюджеттин тартыштыгы өсүп, коррупция күчөп, элдин жашоо деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Кыргызстан болсо жакында дүйнөдөгү эң кедей 50 мамлекеттин катарына кириптир. Отунбаева, Атамбаев, Сариевдин учурларында Кыргызстан 6 жылда ушуга жетишти. Роза Отунбаева бир кызматтын айынан Бакиевге таарынып, төңкөрүш уюштуруп, Нарында менин үйүмдө жатып жүргөн. Эми ага экс-президент деген статус берип, резиденциядан үстүнө бекер үй, астына бекер машина берип, 80 миң сом пенсия чектеп койсо эле элдин турмушу менен иши жок жыргап-куунап жашап калды. Кана баягы, 2010-жылга чейин адилеттүүлүккө чакырган, элге күйүмүш болгон Отунбаева? Ал өз жашоосун оңдосо эле күрөштөн чыгып кетерин билсек биз эмне темтеңдеп ага кошулуп Бакиевге каршы иштеп жүрдүк? Карапайым элдин турмушун ачык айтсам Атамбаев резиденциядан кууп чыгып, үйүмдү, машинамды, сакчыларымды, 80 миң сом пенсиямды тартып алат деп чочулайбы Отунбаева эми оозуна суу уурттап алгансып ооз ачпайт, калыс сөзүн айтпайт. Демек Отунбаеванын болгон максаты ушулар экен да. Биз карапайым элдин турмушун оңдоо үчүн эмес Отунбаева, Атамбаев, Сариевдердин турмушун оңдойлу деп күрөштүк беле? Сариев 2010-жылы бийликке келгенде эле Бекназаров экөөсү банк ячейкаларынан уурдалган акчаларды бөлүштүрүп жатышканы жазылып алынбады беле. Эмнеге ал боюнча жооп берген жок? Эми Балыкчы-Корумду жолундагы 7 миллиард сомдук коррупция боюнча депутаттар, министрлер аны айыптап жатышат. Анан ушул киши Кыргызстанды жыргатмак беле? Айта берсе арман көп, кыскасы 2010-жылдагы апрель революциясы өз максатына жеткен жок. Революциянын жеңиштерин Атамбаев, Отунбаева, Сариевдер элден уурдап кетишти. Мына ушулар үчүн 7-апрель майрам күнү болду. Карапайым калк үчүн бул күн аза күтүү күнү. Мен бул күндү майрамдабайм жана чакырган иш-чараларган барган жокмун. Мен бүгүнкү бийликте олтурган Атамбаев, Сариевдер үчүн уялам. Булар 2010-жылы берген убадаларын аткарышпады. Чакан Кыргызстан мамлекетин 6 жылда оңдой алышкан жок. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей уялбай кайра эле бийликке жабышып жатышат”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: