Menu

…Жөнөкөй эле кыргыз жигити кол чатыры менен жолдун кесилишинде унааларды тескеп башкарып турган…

Бөлүшүү:

ИИМ министри Мелис Турганбаев толгон күндөн так тамаша күн болгон 1-апрелде жол кайгуул кызматы менен мамлекеттик автоинспекциясын бириктирип, кайгуул милициясы деген жаны кызматтын ачылышын жасаган. “Мындай заманбап кызмат көп өлкөлөрдө жок, биз башкалардан алдыга кеттик” деген сыймыктануу менен. Кызматтын артыкчылыгы, булар эми эреже бузган унаа ээлеринен тартып, мыйзам бузган кылмышкер, тартип бузган бейбаштарга чейин көзөмөлгө алууга укуктуу күч болгон. Бирок, “аттанганда эле ээрден көчүгү кыйшайды” дегендей, ИИМдин кайгуул кызматынын жүзү ошол 1 -апрелдин кечинде эле көрүнүп калды. Тагыраагы, борбордогу Иса Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисиндеги светофор иштебей калып, унаа тыгындарын пайда кылбаш үчүн жөнөкөй эле кыргыз жигити кол чатыры менен жолдун кесилишинде унааларды тескеп башкарып турган. Бирок, ушул белгисиз жигит башкарып жаткан учурда, бул кызматка түздөн-түз жооптуу кайгуул кызматындагылар улам унаалары менен ары-бери өтүп, бирее дагы жигитти бошотуп, милдетин аткарууга жараган эмес. Бул окуя интернетте пайда болгону, коомчулук Мелис Токтомамбетовичтин мактаган кайгуул кызматын “ашатып” жатып калды. Бул бир, экинчиси, ошол жаңы кайгуул милициясынын кызматкерлери көрүнүшү комсоо, тигилиши копол жаны формачан жүрүшөт. Тагыраагы, биздин редакцияга атын атагысы келбеген кызматкер аталган форма Орусиядан тигилип келди деп айтылганын, би­рок, сапаты жакшы эместигин айтып арман кылган. Муну угуп биз дагы ИИМдеги реформаторлорго түшүнө албай калдык. Себеби жакында Казакстандын президенти баш болуп, “Нур отан” партиясы Кыргызстандын тигүүчүлөрү тиккен кийимдерди кийип жүрсө, биздин ИИМ Орусияга форма заказ кылганы эмнеси? А Өкмөт башчы болсо атамекендик тигүүчүлөрдү колдош керек деп жыйын сайын кеп кылат…

 

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: