Menu

“Байматка” кайрадан роль беришти: Унгар-Тоо маселесин Курманбек Бакиевге шылташууда

Бөлүшүү:

“Жаман туш көрсөң Байматка жору” деген элдик макал акыркы алты жылдан бери Кыргызстанда өтө актуалдуу болууда. Апыртып айтканда, учуп бараткан карганын буту сынып калса да, бийлик “Бакиевдин кылганы” деген аргументти бетине кармай калат.

Март айынын орто ченинде өзбек аскерлери кыргыз жеринин бастырып кирип, блокпост орнотуп алгандан кийин, мындан төрт айга чамалаш убакыт мурун кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечим калкып чыккан. Премьер-министр Темир Сариев Аксы районундагы Унгар-Тоону Өзбекстандын жери экенин белгилеген протоколго өткөн жылдын ноябрь айында кол койгону ачыкталып, документ коомчулукка белгилүү болгон. Кербен шаардык кеңешине Унгар-Тоодогу телемунараны башка жайга көчүрүп, коңшу мамлекеттин “жерин” “ээсине” кайтаруу керектигин айткан өкмөт башчысынын көрсөтмөсү жергиликтүү депутаттардан колдоо таппады. Кыргыз өкмөтү кылыгы коомчулукка шардана болгондон кийин бир топ убакытка чейин бул тууралуу бир жактуу пикир айта алышкан эмес. Анан эле коомчулукка тараган протоколду жасалмага чыгарып, анын автору катары оппозиционер Азимбек Бекназаровду көрсөтүшкөн. Аз убакыт өтпөй, маалыматтарын теңирден тескери өзгөртүп, Унгар-Тоонун Өзбекстандын аймагы катары каралышына, Сариевдин өкмөтүнүн тиешеси жоктугун, ал К. Бакиевдин бийлигинин учурунда эле коңшу мамлекетке “секирип” кеткенин божурап башташты.

Аксы районунун коомдук активисти Шекербек Камчыбек уулу учурдагы өкмөттүн бул маселедеги калпын чыгарган билдирүүсүн редакцияга жиберген.

“Темир Сариевдин өкмөтү Унгар-Тоо Бакиевдин учурунда Өзбекстанга өтүп кеткен деп айтып, элдин башын айлантып атат.

1. Унгар-Тоонун Өзбекстангаөтүпкеттиделген 2006-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган эки тараптуу келишимдин Жогорку Кенеште ратификация болгон далили жок!

2. Төмөнкү картаны жана протколдун көчүрмөсүн карасаңар,

“Описание линии государственной границы между пограничными точками №113 и №114 не проводилась” деп жазылып, 2.1 км. аралык такталбаган участка катары калган!!!  Ал эми 3-РРС-24 станциясы дал ошол такталбаган аймакта жайгашкан. Эмнеге баарын азыр өлкөдө жок Курманбек Бакиевге шылтап жатышат? Элди алдоонун да чеги болот го!..”, – деп жазат коомдук активист Шекербек Камчыбек уулу.

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: