“Бүгүн, 7-апрелде Аксыда апрель окуясында курман болгондорду эскерүү болуп өттү. Бирок мен барган жокмун”, – деп билдирди бүгүн, 7-апрелде Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы районунан Апрель баатыры Сапар Наркеев.
“Өткөндө эстеп, артка сарасеп салып, курман болгондорго куран окутуп эскердик. Чындыгында 7-апрель каргашалуу кандуу окуяга кирип, өкүнүчтүү күндү эске салат. Бизде Аксы району боюнча 14 адамга “Апрель элдик революциясынын Баатыры” деген наам берилген. Бизди жергиликтүү бийлик официалдуу түрдө майрамдатууга чакырса дагы 11 (он бир) адам барган жокпуз, үчөө барып катышышты. Анткени алар СДПКнын мүчөлөрү. Биз 5 (беш) жылдан бери эле аталган иш-чарага барбайбыз. Себеби, бул майрамдай турган күн эмес. Эгерде бийлик башында турган Атамбаев, экономиканы оңдоп, мамлекетти баткактан чыгарганда анда бүгүнкү жыйынга бармакпыз, кайсы бет менен майрам деп барасың, мен эч убакта барбаймын. Ошол күндөгү бүгүнкү бийликтин негизги максатына эми түшүндүк, аттиң”, – деди Апрель Баатыры Сапар Наркеев.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ