Menu

Фотобаян – Жалал-Абадда окуучулар арасында «Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук спорт мелдеши болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр фольклордук-этнографиялык аянтында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук жана спорттук мелдеши болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Мектеп окуучулары арасында уюштурулган мелдешке областтын аймагындагы район-шаарлардан 11 команда катышты. Ар бир командада 20 өспүрүм улан жана 10дон кыздар болду. Мелдештин катышуучуларын өкүл Жумагүл Эгембердиева куттуктады.
ЖА Мыктыгер2
– Эгемендүү Кыргызстандын эртеңки келечеги Сиздердин терең билим алууңуздарга жана аскердик патриоттук мыкты даярдыгыңыздарга байланыштуу экендигин эч качан жадыңыздардан чыгарбаңыздар. Бүгүнкү өтүп жаткан аскердик патриоттук даярдык жана спорт мелдешине «Мекеним менин – Кыргызстан» долбоорунун алкагында областыбыздын бардык район-шаарларынан эң мыкты окушкан жана аскердик патриоттук спорттук жогорку көрсөткүчтөрдү жараткан жогорку класстардын окуучулары катышып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп кетким келет.
ЖА Мыктыгер
Мамлекетибиз тарабынан мектеп окуучуларына акысыз татыктуу орто билим берүү жана келечекте татыктуу кесип ээлери болуусуна ар тараптуу шарттар жаратылып берилүүдө. Бүгүнкү аскердик патриоттук багыттагы «Мыктыгер – 2016» мелдешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүнүн резервдик фондусунан 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мен терең ишенемин, бүгүнкү мелдеште чыныгы күжүрмөн даярдык менен келген мекенчил командалар байгелүү орундарды камсыз кылышат. «Мыктыгер – 2016» мелдештери аскердик патриоттук спорттук даярдыкты сынаган мелдеш гана болуп калбастан өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоонун эң мыкты үлгүсү болуп калаарында шегим жок. «Мыктыгер –2016» аскердик патриоттук даярдык багытындагы спорттук мелдешти өткөрүүнүн башкы максаты мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болтурбоо, жаштарды мекенчилдикке үндөө, баштапкы аскердик даярдыкка окуучуларды такшалтуу жана мекенди коргоо сезимдерин күчөтүү болуп санаалары анык.
ЖА Мыктыгер3
Бактылуу элдин эки энчиси болот дейт. Биринчиси, анын даанышманы, экинчиси анын баатыры дейт. Мен тилеп кетээр элем, келчекте Силердин араңардан эл керегине жараган даанышмандар менен баатырлар чыксын. Демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эртеңки тагдыры Сиздердин колуңуздарда экендигин эч качан жадыңыздардан чыгарбаңыздар. «Мыктыгер – 2016» аскердик патриоттук даярдык багытындагы спорттук мелдешиңиздерге чын дилимден ийгилик ийгилик каалаймын. Эң мыкты даярдыктар менен келген командалар татыктуу байгелүү орундарды камсыз кылаарына терең ишенемин,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
ЖА Мыктыгер5
«Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук спорт мелдешинин катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, Апрель революциясынын катышуучусу Бактыкан Өмүралиева, областтык ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков жана областтын казысы Абдулазиз Закиров куттукташты жана күжүрмөндүүлүк менен чыдамдуулукту талап кылган мелдеш таймаштарына ийгилик каалашты.
ЖА Мыктыгер6
Ушул эле күнү түштөн кийин мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук спорт багытындагы мелдештин жыйынтыгы чыгарылды. Калыстар тобу тарабынан чыгарылган мелдештин жыйынтыгы менен Биринчи байгелүү орун, түстүү телевизор, Дипломдор жана өтмө Кубок Сузак районунун «Илбирс» командасына, экинчи байгелүү орун, түстүү телевизор жана дипломдор менен Жалал-Абад шаарынын «Манас» командасы жана үчүнчү байгелүү орун, түстүү телевизор жана Дипломдор менен Майлуу-Суу шаарынын «Бүркүт» командасы сыйланды. Калган 8 команданын мүчөлөрү дагы баалуу сыйлыктар жана Дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыктарды жеңүүчүлөргө өкүл Жумагүл Эгембердиева тапшырды.
ЖА Мыктыгер7
ЖА Мыктыгер8
ЖА Мыктыгер9
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: