“Премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев экөөсү тең отставкага кетиши керек”, – деп билдирген бүгүн, 7-апрелде Тазабек агенттигине Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш” комитетинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов.
“Бул менин жеке пикирим. Балыкчы-Тамчы- Чолпон-Ата -Корумду жолун куруу боюнча тендер мыйзамдарды одоно бузуулар менен өткөрүлгөн. Сөз өтө ири суммадагы акчалар тууралу жүрүп жатат.Ошондуктан премьер-министр да, транспорт министри да катуу жазаланыш керек деп жоопкерчилик менен айта алам. Ал тендердин өткөрүлүшүн текшерген комиссия мыйзам бузуулар боюнча баардык далилдерди даярдап койду. Лицензия туура эмес берилген, баасы жана башка маселелер боюнча тендер алдындагы тандоого ылайык келбеген компания тандалган. Бул боюнча тийиштүү далилдер жакында элге жарыяланат”, – деди Иса Өмүркулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ