«Ата-Мекендин» атасы Өмүрбек Текебаев 7-апрель боюнча китеп жазып анын бет ачар аземине аттуу-баштуулар келишти.
Анан албетте экс-президент Роза Отунбаева да келиптир. Апчебиз карыганда калыстыктан тайса керек, учурдагы саясаттан кеп козгоп, ичте болгон бугун чыгарды. Бакиевдин адамдары уялбай эле бийликтин айланасында жүргөнүн айтып, Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаеваны мисал кыла кетти. Аял байкушка асылып өзүн пиар кылбай эле койсо болмок экен. Эгер калыс болсо эмне үчүн Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев, Данил Ибраев, Арзыбек Кожошев, Сүйүн Өмүрзаков, Раим Матраимов, Адамкул Жунусов, Айтмамат Кадырбаев, Сапар Исаковду айтпайт. Роза апчебиз карыса да кичине калысыраак кеп-кеңешин айтып турса демекчибиз. Азыр бир эле Даниярдын аялы эмес, Бакиевдерден башкасынын баары эле бийликте жүрөт. Муну көрбөй апчебиз эмне кылып жүрөт ыя?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ