Индияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, 30 жаштагы келин Индиянын шаарларынын биринде жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.
5-апрелде кыргыз жараны элчилик кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда ал Индиянын борбору Делиге жөнөтүлдү. ТИМден ырасташкандай, кулчулуктан бошотулган жаран жакын арада Кыргызстанга жеткирилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ