Menu

Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы: “Революция өз максатына жеткен жок”

Бөлүшүү:
Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгы белгиленүүдө. Андагы негизги талаптар: электр энергиясынын баасын арзандатуу, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш, люстрация, саясий куугунтуктуу токтотуу, Бакиевдерди өлкөгө алып келип жазалоо ж.б. болгон. Мына ушул талаптар аткарылдыбы? Эгерде аткарылбаса, ага биринчи кезекте кимдер күнөөлүү?
Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы: 
– Революция өз максатына жеткен жок. Анткени анын талаптары аткарылган жок. Негизги сөз, электр энергиясына болгон баа арзандаш керек эле, мисалы 1.50дөн 70 тыйынга түшүш керек эле. Башында Атамбаев баштаган бийлик түшүргөн, бирок бийликти революциялык адамдар кетип – Акаев, Бакиевдин тегерегиндегилер курчаганда ал бааны 0.70 тыйындан 2.20 тыйынга көтөрүп, Бакиев бийлигинен ашып түшүштү. Ал эми кадр саясаты жалаң кошоматчы өз адамдар менен алмашылып кетти. Керек болсо өз уулун жеке “Автомашэнерго” компаниясы аркылуу шек туудурган иштер аркылуу энергиялык уурулукка жол берүүдө, апрель соту аягына чыгыш үчүн өздөрү таза иштеш керек эле. Ошондуктан этегине чыкпайт. Бул бир жагы, экинчи жагы – өзү диктатура жолуна түшкөнүнө байланыштуу апрель соту аркылуу күч структураларын жазалабай ур-токмокко келтирүүнүн амалдарын издеп жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Сөз эркиндиги бар болчу, бирок акыркы жылдары бул жаатта да катуу жазалоо иштери күчөп, кошоматчылар гүлдөп, жазмакерлерди да жазалоого аракет кыла башташты.
Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: