Menu

Аргынбаевди «ит» экен деп жатсак, иттин өлүгү башка жакта көмүлүп жаткан тура чиркиндики, кайран Темике…

Бөлүшүү:

Премьер-министр Темир Сариев менен Транпорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин ортосундагы пикир келишпестик Сариевдин отставкасы менен аяктачудай. Жанагы тендер деген балекет боюнча иликтей келишсе документке кол койгон Малабаев эмес анын орун-басары Уезбаев болуп чыкты. Ал кезде Аргынбек Малабаев Казакстанга учуп кеткен экен. Эми эмне болот? Кызматтан Аргынбек алынышы керекпи же Темирби? Балыкчы-Корумду жана “Манас” аэропортунун жолу боюнча тендердеги мыйзам бузууларга премьер-министр Темир Сариевдин тиешеси бар экенин Аргынбек Малабаев айтып чыкты. Аргынбаевге казган орго Темике эми өзү түшүп калмак болду. Аргынбек болсо колундагы материалдарды далил катары кармап турган экен. Ошентип, Сариевдин айласы куруп турган чагы. Аргынбаевди «ит» экен деп жатсак, иттин өлүгү башка жакта көмүлүп жаткан тура чиркиндики…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: