Menu

Жуман Алиев, Апрель Баатыры: “Революцияга чыгып алган менде мээ жок. Снайперлердин бирөөсү мээмди чачыра атып салса эмне болмок десен?”

Бөлүшүү:

100дөн ашуун жигиттин өмүрүн алып тынган Апрель революциясынын болуп өткөнүнө 6 жыл болуп калыптыр. Ушул 6 жыл ичинде менин мээме акыл кошулганын бир Кудай билет, бирок тажрыйбам кошулганы анык. Ошол тажрыйбам менин мзэмдин жоктугун дагы бир жолу ырастап койду.
 ЭМНЕГЕ?
Мээм бар болсо 6-7-апрель күндөрү Талас менен Бишкектеги Ак үйдү автомат менен эмес, адилеттик, чынчылдык, мекенчилдик сезимдер менен басып алып жаткандардын бири катары ойлонсом болмок: келе турган жацы бийлик мурдагылардан кескин айрымаланат, алда канча таза, ачык иштейт, эл менен мамыр-жумур болот болду бекен деп. Менде мээ жок да, кызыталактыкы?
Текебаев, Сариев өңдүү Убактылуу өкмөткө киргендер Ала-Тоо аянтында курман болгондордун 15-20 сынын сөөгүн Ата Бейитке жерге жашырып жатканда эл алдында, мүрзө башында ант берген сөздөрүнө 100% ишенип алыптырмын? Менде мээ жок да?
Мээм болсо, “Бийликке ишеништин кереги жок. Андан көрө кысчу жеримди кысайын да, бийликке келгендердин этегине намаз окуп, төшүмө “Апрель элдик революциясынын баатыры” деген медалды тагынып алып, аны колко катары пайдаланып, мен мүчө болуп жүргөн 24 жылдык тарыхы бар партиямдын жетекчилерине жалынып-жалбарып, кошомат кылып кой союп жүрүп буйруган кызматыма жетип, кол жеткен казынаны келемишке окшоп алымдын келишинче кемирип-кесип ичип-жеп жата бербейминби десең? Буларың деле Акаев, Бакиевдерге окшоп өз чөнтөгү, өз атак-даңкы үчүн иштейт. Сен да ошент. Саясатчылар эл алдында бирди сүйлөйт, бийликке жеткенде такыр башка болуп калышат” деп жок дегенде шектенүү менен ойлоп койсом, азыр мынчалык  өкүнбөйт элем. Светтин, чөнтөк телефондун баасын кымбатгатат экен, инвестицияны өз чөнтөктөрүнө пайдаланат экен, Кыргызстанда 5 миллион коюм бар деп айткан экен деп Ба­киевдерге нааразы болгонубузчу? Мына, азыр светке 78 тыйын, анан 2 сом 16 тыйындан эки түрлүү баа менен төлөп жатабыз. 5 миллион койдун ордуна 120 кой эле кыргыз жайытын майкандап жеп жатпайбы. “Каныкейди Семетейи менен Букарга качырган Таластын эли эл эмес, Нарындын эли мал деп жүрүп кой болуп калдыңар” деген сөздү да укмак эмеспиз. Андай болсо Баки­ев бийлигин кулатпай эле койсок болмок экен да? “Эми партиялык система менен иштейбиз, казынаны уурдагандардын канын бууйбуз, коррупциянын тамырын кыркабыз” дегенге да ишенип алганымчы? Менде мээ жок. Көрсө, казынаны пар­тия-партия болуп “оптом”уурдай-быз дешкенин түшүнбөптүрбүз да. “Колуңардан келгенин кылып алгыла” дегенсип дал ушул 7-апрелдин астында 16 депутатка “Апрель революциясынын алдындагы “по­дарка” дешкенсип, квартира беришкеничи? 16 “жепжутаттын” 12си КСДП партиясынан болуп чыкты. Бул эмне “богубузга куурай сая албайсыңар, анткени артыбызда Атамбаев турат” дешкениби? “Атамбаев жаманбы-жакшыбы президентибиз, ага сөз тийип калбасын” деп жок дегенде спикер Жээнбеков алкымын агытып жаткандарга бир ооз айтып койсо бол­мок экен? Же эмне ал да тымызын Атамбаевге сөз тийүүсүн каалап, көз жумду кылып койдубу? Болбосо “16 квартираны 6 партияга теңдеп эле бөлүп койгула” деп бир ооз калыс кебин айтып койбойбу, кызыталактын баласы?
Квартира демекчи, Оштогу июнь коогалаңында эптеп аман калып, “Жаштык”лагерине бОтан ашык үй-бүлө көчүрүлүп, жайгаштырлганы эсте. Азыр алардын ичинен үйгө жетелек 19 үй-бүлө 6 жылдан бери Атамбаев баш болуп, Оштун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбеков, спикер Асылбек Жээнбеков, экс вице-премьер Таирбек Сарпашев төш болуп кирбеген эшиги калган эмес. “Төлөйкөн” жаштык коомунун батирге муктаж 19 үй-бүлөсүнүн 3 активист аялы ушул күндөрү Ак үй менен Көк үйдөгү ар кимдин эшигин сагаалап Бишкекте самсаалап жүрүшөт. Жаңы жылга чейин сагаалап жүрүп “эс алууга” Ошко кетишкен, күн жылыганы эми кайра келишти. Үй-бүлөлөрү, жаш балдары менен окуучулары сириялык качкандарга окшоп темир контейнерлерде, фанерадан калкаланган качкындар жайында турмуш кечирип жатышат. Сириялыктардан булардын бир гана айрымасы булар өз Мекенинде качкындар.
Квартирага ээ болгондордон Ан­вар Артыков деген эң улуу депутаттын кайсы бир Интернет булакка чыккан актануусун окусаңар анын бети бет эмей эле, башка бир эттүү жер экен дейсиңер. Бет менен эттуу жердин айрымасы болбой бараткан сапат ар бир экинчи же үчүнчү  депутатта, министрде, башка мамчиновниктерде, ал турмак мени ме­нен сенин тегерегинде мамиле түзүп жүргөн адамдар арасынан четтен чыгары кадимки эле көнүмүш сапат болуп бараткандай. Буга “свежий” жаңы мисалды экс премьер-министр Ж.Сатыбалдиев менен транспорт министри М.Аргынбаев далилдешти. Жыртык-тешик жолдорду ремонттоочу 3-даражалуу лицензиясы бар, жол куруучу техникалардын көбүн башкалардан алып жаткан кытайлык “Лонг Хай” фирмасы 6 миллиард 803 миллион бюджеттик сомдун башын жечү 104 чакырымдык “Балыкчы- Корумду” автожолун али бекитиле элек долбоор боюнча реконструкциялоо тендерин 3 күн ичинде эле утуп алган. Ушул “Лонг Хайдын” өкүлү Азамат Жунушалиев деген эр азамат транспорт министри А. Малабевдин айылдашы экени билинип калат. Депутат Текебаев бул боюнча министрге суроо берсе, “айылдашым экенин эми билдим” дегени беттүү адамдын айтаар сөзүбү?
 Б0ЛБ0С0 БЕТИ КАЛЫҢДЫКТЫН ЭКИНЧИ МИСАЛЫН АЙТАЛЫ.
Ушул эле жолдун курулушуна кеземел кылууну “Кыргыз Трек Интернэшнл” деген компания утуп алыптыр. Анын 5 кожоюнунун бири Руслан Сатыбалдиев экс өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиевдин агасынын баласы болуп чыкты. Ал бир эле мезгилде министрликтин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунда да, экинчи жагынан бюджеттик каражатка курула турган жолду да көзөмөлдөп, жетим козуга окшоп бир эле мезгилде эки койдун эмчегин эмет экен. “Рус­лан сиздин агаңыздын баласы ту­ра” десе Жантөрө мырза да жанын жеп жатпайбы. Башыбызды баталгага байлап, Кыргызстанда туугандык-кландык коррупция жок болот деген үмүт менен революцияга чыкканыбыз курусун. Мындай заман келгенден көрө бир тууган Бакиевдер 40-50 жыл башкара беришсе болмок. Казынага бир туугандар кол салабы же бир туугандардын балдары же айылдаштары кол салабы – айрымасы аз эле да. Ушуну убагында түшүнбөй революцияга чыгып алган менде мээ жок. Снайперлердин бирөөсү мээмди чачыра атып салса эмне болмок десен? Анда ушул өкүнүүлөрдү жазалбай, эчак эле сөөгүм сөпөт болмок. 6 жыл ичинде арман аттын башындай эле болду. Мындай ар­ман бир эле менде дейсиңерби? Көзүңөр тирүү кезинде айтып калгыла, апрель революциясынын алданган баатырлары. Атам­баев кетип башкасы келген күндө деле, 120 депутат кетип 35-40 де­путат шайласак деле Кыргызстаныбыздагы абал тезинен өзгөрүп,кетет дегенге ишенбей эле койгула.  Дал ошол бийликке аралашып жүргөндөр менин-сенин бети калың, суу куйдулукту расса өздөштүргөн айылдаштарыбыз, агаңдын, иниңдин баласы, бөлөң, жээниң, курсташың, өкүл атаң же өкүл балаң, ж.б.у.с. Кыргыз бекеринен “Жер тамырынан эл тамыры көп” деп айтпагандыр. Дастан Сарыгулов, Мелисбек Карыбеков, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыровго окшоп, аларды ээрчип ичиңерде бугуңар ашып-ташып, дагы бир революция кылып жиберели дегениңерди токтоткула. Жаңы бийлик келсе деле эл жашоосу оңолуп кетээрине ишенбей эле койгула. Турмуш-жашообузду бийлик эмес, ар кимибиз өзүбүз оңойбуз. Иттен көлөкө талашпай иштесек эле бай турмушка жетебиз. Анан ошондо ким президент болгону жатат, ким депутат болгону жатат – аларга маани да бербей, “бириң өлүп бириң кал” де­ген мамиледе болуп калаарбыз. 6 жыл мурда өлбөй калганыбызга тобо. Тирүүчүлөрүңөр менен куттуктайм, апрелчилер!
Жуман АЛИЕВ, Апрель элдик революциясынын баатыры (кубелук № 0863)
Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: