Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “Эмне үчүн мурдагы “желмогуз” президенттер кетип, ордуна “периште” президент келсе деле мамлекет оңолбоду?”

Бөлүшүү:

…менимче, 7-апрелдин түпкү мааниси – Ата-Бейитке барып гүл коюп, кайгырган кабак менен “..биз силерди унутпайбыз!…” деп көзгө жаш алып, дөмпөйгөн мүрзөлөрдү бир саамга ойлуу тиктей телмирип, гүл коюп, анан баса берүү эмес. 2010-жылы ээрге олтурган бийлик 5 жыл бою: “Эмне үчүн соттор дагы деле ак үйгө көз каранды? Эмнеге энергетикадагы коррупция жоголбой койду, неге тариф көтөрүлдү? Эмне үчүн “парламентаризмдик” парламенттин куурчак-жиби президенттин колунда? Эмнеликтен УКМК менен КТР илгеркидей эле оппоненттерди талкалоочу орган бойдон калды? Эмне себептен Кумтөр маселеси бу бийликтин тушунда да чечилбеди? Эмнеге мамлекеттик ММКлар аркылуу “жашоо жылдан жылга жакшырып баратканын” тынбай айттырабыз, а эмне үчүн сыртка иш издеп кеткен мигранттар жашоо “жакшырып” бараткан Кыргызстанга агылып келбей, тескерисинче өлкөдөгү ишсиздиктен сыртка кеткендер көбөйүүдө? Эмне үчүн мурдагы “желмогуз” президенттер кетип, ордуна “периште” президент келсе деле шайлоолордо административдик ресурс колдонулуп, президент өзү баш болуп өз партиясына ачык үгүт жасай берген авторитаризмдин терисин жамынган “парламентаризмде” жашап атабыз?”-деген сыяктуу суроолорго жооп тапса, мүрзө астындагы маркумдардын сөөгү агармак… Анткени,.. Ата-Бейитте гөр ичинде жаткандар деле тирүүсүндө жогорудагы суроолорго жооп издешкен эле да?..
Эрнис Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: