Menu

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат: “Өлкөнү бир барак кагаздан 15 ката кетирген чарба башчысы башкарып жатат”

Бөлүшүү:

Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгы белгиленүүдө. Андагы негизги талаптар: электр энергиясынын баасын арзандатуу, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш, люстрация, саясий куугунтуктуу токтотуу, Бакиевдерди өлкөгө алып келип жазалоо ж.б. болгон. Мына ушул талаптар аткарылдыбы? Эгерде аткарылбаса, ага биринчи кезекте кимдер күнөөлүү?

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат:

– Биринчиден, биздеги  революциялар же төңкөрүштөр (ким кандай атаса өз иши) мамлекеттик системаны өзгөртүү үчүн жасалган жок. Тышкы күчтөрдүн жардамы менен  улам бир адамдын  бийликке келүүсү үчүн жасалып келет. Ошондуктан бийлик мыйзамсыз алмашканы менен система өзгөргөн жок. Эгер мурун мамлекетти балдары жана бир туугандары башкарып жатат деп келсек, азыр шоопуру, жан сактагычы жана   бир барак кагаздан 15 ката кетирген чарба башчысы башкарып жатат. Бир да реформа жасалып, система өзгөргөн жок. Ал гана эмес, 6 жыл өтсө да Бакиевдин “аскерлеринин” сотун да бүтүрө албадык. Бир аз оппозициялык маанайдагы чиновниктерди коркутканы болбосо, коррупция менен күрөшүү компаниясы система түрүндө эч жыйынтык берген  жок. Атамбаев, Текебаев жана Сариевдердин демилгеси менен Россия башкарган Бажы биримдигине кирип, мурдагы араңжан экономикабызды дагы терең кризиске  алып келдик. Сот реформасы жасалбай калды. Бийлик өзүнүн банкрот абалында экенин жашырыш үчүн аны сындаган журналисттерди чөнтөк соттору аркылуу чоң айыпка жыга баштады. Мунун баары азыркы бийликтин мамлекетти реформа кылып, демократиялык  жолго түшүүгө жөндөмсүз экенинин белгиси…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

14 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: