Menu

Надира Нарматова, коомдук ишмер: “Алты жылга жакындап баратса да мамлекеттик башкаруу системасы бир нукка түшкөн жок”

Бөлүшүү:

-Кандуу апрель окуясынын максаттары ишке аштыбы?

-Негизи эле апрель жана июнь окуяларына мыйзамдуу толук баа бериле элек. Мына алты жылга жакындап баратса да мамлекеттик башкаруу системасы бир нукка түшкөн жок. Конституциялык баш­каруу системабыз парламенттик башкаруу болуп эсептелгени менен бүгүнкү күндө ал кандай башкаруу экендиги түшүнүксүз. Өлкө парламенттикпи? Парламенттик-президенттикпи? Же парламенттик-премьерликпи? Аткаруу функциялары реалдуу жашоодо аралашып кетти. Вертикалдык башкаруу системасы жок. Областтык, райондук деңгээлге чейинки ыйгарым укуктагы аткаруу бийлигинин өкүлчүлүктөрү болгону менен алардын бюджета же колунда бийлиги жок. Ошондуктан жөн эле ортомчулук милдетти аткарып келишет. Натыйжада жогорку эле эмес орто жана төмөнкү деңгээлдеги аткаруу бийликтери, өзгөчө мамлекеттик, муниципиалдык башкаруу органдарында, айыл өкмөттөрүндө коррупциялык схема чектен ашып, катардагы карапайым элди кыйнап келет. Коррупциялык жана басынтып, коркутуп, меники , сеники де­ген саясаттын туу чокусуна жеткендигибиз реалдуу жашоодогу ачуу чындык. Жыйынтыктап айтканда, мародерлорго, банктык ячейканы тоногондорго, төңкөрүштүн артынан мамлекеттин акчаларын уурдагандарга мыйзамдык баа берилип, соттук чечимдер чыгып, акыркы чекит коюлганда апрель окуясы максатына жетти деп эсептелет. Негизгиси өлкөдө тынчтык, амандык, көп улуттуу мамлекетибизде улут аралык биримдик болуп, кошуна мамлекеттер менен тең ата ынтымакчылыкта мамиле кутуп турсак болгону.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: