Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Атамбаев баш болуп, “энерготарифти жогорулатыш шайтандын иши” деген”

Бөлүшүү:

– Апрель элдик революциясынын талаптары аткарылдыбы?

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: 

– Апрель революциясындагы элдин кандайдыр бир деңгээлде  кааалоосу, максаты ийгилиги катарында кичинекей ийгиликтерге жетишти. Себеби, мурдагыга караганда мамлекетте өзгөрүү болду. Жалпысынан алганда сөз эркиндигинин, журналисттердин, демократияныны  ролу мурункуга салыштырмалуу кичине болсо да  жылды. Башкача айтканда, журналисттер мурункуга караганда бийликтен азыраак корко баштады. Албетте, маселенин баары чечилди дегенден алысмын. Бирок, кичинекей ушул багытта ийгиликтери бар экенин жашырганга болбойт . Ал эми “Апрель революциясына чейинки оппозициячыл саясатчылар берген убадасын аткардыбы?”- деген суроого  мен жалпысынан алардын берген убадалары аткарылган жок деп айтат элем. Атамбаев баш болуп,  “энерготарифтерди көтөрбөйбүз. Энерготарифтерди көтөрүү шайтандын иши” дешкен. Энерготарифтер күндөн күнгө жогорулап баратат. Апрель окуясына чейин берген негизги убадаларынын бири аткарылмак тургай, тескерисинен кетти. Саясатчылардын берген негизги убадалары аткарылган жок. Ошондой эле телефондорго болгон байланыштын баасы төмөндөбөй эле күндөн күнгө жогорулап баратат. Экономикада, саясатта салык маселелериндеги көп маселелер чечилбей эле тескерисинче бүгүнкү күндө оорлоп кетти.. Бул жерден саясатчыларды күнөөлөгөндөн алысмын. Анткени, экономикалык мыйзамдар бар. Экономиканын мыйзамдары саясатчыларга баш ийбейт. Бирок саясатчылардын күнөөсү оппозицияда жүргөндө популисттик идеяларды айтып, популизм менен алек болушканында. Апрель соту боюнча айта турган болсок, тергөөчүлөр ошол кезде  көп далилдерди чогултуша алган эмес. Экинчиден, ошол далилдерди чогулткан күндө дагы кылмыш ишине тиркеп, бекемдей алышпады. Ошондуктан, бүгүнку күндө соттолуп жаткан адамдардын күнөөсүн далилдеш аябагандай кыйын болуп жатат. Экинчиден, саясый эрктин жоктугунан сот иши аягына чыкпай жатат. Алты жылдан бери революция менен келген бийлик апрель сотун аягына  чыгара албаса, андан киийнки келген бийлик муну аягына чыгарат деп ишеним артыштын өзү кыйын.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: